ЮНИСЕФ Израилдин Газадагы лагерге жасаган чабуулун кыргын деп атады

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Израилдин Газа тилкесиндеги Жебалия качкындар лагерине жасаган соккусун кыргын деп атады.

«Газадан сокку урулгандан кийинки түшүп жаткан кыргындын көрүнүштөрү үрөйдү учурат», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

ЮНИСЕФ белгилегендей, каза болгон балдардын саны тууралуу так маалымат жок болсо да, «жүздөгөн адамдар жарадар болуп, өлтүрүлдү», алдын ала маалыматтар боюнча алардын арасында жашы жете элек өспүрүмдөр көп.

Буга чейин Рейтер агенттиги ХАМАС кыймылына шилтеме кылып, Израилдин шейшембиде жана шаршембиде Газадагы качкындар жайгашкан Жебалия лагерине жасаган чабуулунда кеминде 195 киши набыт болуп, дагы 777си жаракат алганын, дагы 120дай адам дайынсыз экенин маалымдаган.

Шейшембиде Газанын ички иштер министрлиги Жебалияга жасалган аба соккуларынан кеминде 400 киши өлүп же жарадар болгонун билдирген. Израиль армиясынын басма сөз катчысы Ричард Хехт кийинчерээк Израиль ХАМАСтын командирин жок кылуу үчүн качкындар лагерине кол салганын ырастады. Ал карапайым калктын курмандыктарын трагедия деп атап, бирок алардын өлүмүнө палестиналык кыймылдын жетекчилигин күнөөлөдү.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсеси шаршемби күнү Израиль аскерлеринин Жебалияны аткылоосу аскердик кылмышка арабар экенин эскертти.

Комментарий жиберүү