Израиль Газа шаарын курчоого алганын билдирди

Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Газа тилкесиндеги Газа шаарын курчоого алды.

Бул тууралуу жөөт мамлекетинин куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы, бригадалык генерал Даниэль Хагари брифингде билдиргенин Haaretz гезити жазды.

«Газа шаарын курчоого алуу аракеттери аяктады. Израилдин жоокерлери ХАМАСтын заставаларына, штабдарына, инфраструктураларына сокку урууда», — деди ал.

Дүйшөмбү күнү Хагари ЦАХАЛ Газа тилкесиндеги кургактагы операциясын кеңейтүүнү улантып жатканын жана ал жакка кошумча күчтөрдү жайгаштырып жатканын айткан. Ошол эле күнү Франс Пресс агенттиги күбөлөргө таянып, Газа шаарынын чет жакасынан израилдик танктар байкалганын кабарлаган.

Күн мурун ЦАХАлдын өкүлү Израилдин армиясы ХАМАСтын коргонуу линиясын бузуп өтүп, анклавдын борборундагы позицияларды көзөмөлгө алып жатканын билдирген.

Палестиналык ХАМАС кыймылы 7-октябрда Израилге каршы операция баштап, чабуул жасагандан кийин Израилдин армиясы Газаны бомбалап, бир нече күн мурун жерде операция баштаган.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги жаңжал башталгандан бери 8800дөн ашык киши каза тапканын, алардын 3760ы балдар, 2 миңден көбү аялдар экенин билдирди. Ошондой эле 22 миңден ашык киши жаракат алды.

Израил тараптагы жоготуулар 1400 киши деп кабарланган, алардын 300 чактысы аскерлер. Дагы 200дөн ашуун киши ХАМАСтын барымтасында калууда.

Комментарий жиберүү