УКМК: Чоң-Алайдагы Алтын-Мазар Тажикстанга берилген жок

КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) айрым социалдык тармактарда жана ММКларда кыргыз жеринин тажик тарапка берилип кеткендиги тууралуу видео тасмалардын тарап жатышы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди:

Социалдык тармактарда жана ММК айдыңында кызыкдар тараптар мамлекеттик органдардын ишин жаман көрсөтүү максатында кыргыз жери тажик тарапка берилип кеткендиги боюнча атайылап чагымчылдык аракеттер көрүлүүдө. Мындай бузуку маанайдагы адамдардын маалыматы чындыкка дал келбейт.

Бул жагдайга байланыштуу УКМК жарандарды мындай чагымчыл материалдарга ишенбөөгө чакырат. Ошол эле учурда коомчулукту мамлекеттик органдардын расмий маалыматтарына гана көңүл бурууга чакырат.

Белгилей кетүүчү жагдай, сөз Чоң-Алай районундагы Алтын-Мазар жери тууралуу болууда.

Комментарий жиберүү