УКМК: Кримавторитет Камчыбек Көлбаев жок кылынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримавторитет Камчыбек Көлбаев жок кылынды.

Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп, республиканын аймагындагы ар түрдүү кылмышкерлердин таасирин жоюу боюнча чараларды көрүп жатышат.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрүнө жана алардын жетекчилерине карата бир катар кылмыш иштери тергелүүдө.

Ошондой эле К.Асанбекке (Камчы Көлбаев) каршы кылмыштуу топтун лидери, «Дөө» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздары боюнча да тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

“4-октябрда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбектин турган жери Ибраимова көчөсүндөгү «Блондер паб» ресторанында аныкталып, ал жерген барган УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбастан, ок атуучу куралдарды колдонуу менен куралдуу каршылык көрсөткөн. УКМКнын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна ок атуучу курал менен кол салган К.Асанбектин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында УКМКнын атайын кызматкерлери ага эскертүү иретинде ок атышкан. Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгү, 267-беренесинин 2-бөлүмү жана 37-беренесинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4,18-пункттары менен кылмыш иши козголду. (уюшкан кылмыштуу топ түзүү, мыйзамсыз курал-жарак сатуу, адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Ок атышууга катышкан К.Асанбекти текшерген дарыгерлер октон алган жараатынан, ошол жерде каза болгонун тастыкташты”, — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат бул окуяга катышкан УКМК кызматкерлери жана жарандар арасында жабыркагандар жок экенин билдирди.

УКМК бул фактыга тиешеси бар К.Асанбектин тобунун бардык өкүлдөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берип, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин кошумчалады.

Комментарий жиберүү