Путин Канттагы авиабазага барат

Келерки жумада Кыргызстанга Россиянын Президенти Владимир Путин расмий сапар менен келери күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин өлкөгө расмий сапары болот. Бул туурасында Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыдагы сапардын алкагында Мамлекет башчысы менен Президент Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечек пландарын талкуулашат.

Мындан тышкары, мамлекет башчыларынын Кант шаарында ЖККУ Авиациялык базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышуусу пландаштырылууда”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт.

Комментарий жиберүү