Бийлик криминалды жеңди

4-октябрда Бишкектин чок ортосунда, чак түштө “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында жок кылынышы күтүлүп-күтүлбөгөн окуя болду. Себеби коомчулук, карапайым эл, өзгөчө бизнесмендер менен ишкерлер кылмыш дүйнөсүнүн зомбулугунан тажап, жарыла турган абалга келип калган болчу.

Ал эми эки жыл мурда келген жаңы бийлик коррупция жана кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш жарыялаган. Бул багытта көп иштерди жасап жаткан УКМК тарабынан күн сайын мамлекеттин байлыгын уурдап-тоногон коррупционерлер менен кызмат абалын кыянаттык түрдө пайдаланып пара алган сот, прокуратура, милиция жана башка чиновниктер кармалууда. Ошол эле учурда бизнесмендер менен ишкерлерди тоногон кылмыш дүйнөсүнүн бандиттери да колго түшүп, сот жоопкерчилигине тартылып жатат.

Жакында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөшүүнүн экинчи этабы башталарын, ал аёосуз болорун айтып, кылмышкерлерге өз ыктыяры менен колго түшүп берүүнү же өлкөдөн чыгып кетүүнү эскерткен.

Эч кимге жашыруун эмес, чакан мамлекетибизде кандай гана жеке ишкер же бизнесмен болбосун, К. Көлбаевдин кылмыштуу тобунун жер-жерлердеги жаналгыч-өкүлдөрү аларга “салык” салып, кирешесинин кайсы бир бөлүгүн тартып алып турган. Эгер алар “общактын” бул талабын аткарбаса же моюн толгосо, анда жок эле дегенде ошол бизнеси өрттөлүп жок кылынып же өзүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугуна зыян келтирилип турган.

Бирок соцтармактарда канчалаган мекендештерибизди сыздаткан, канын ичип, түбүнө жеткен бул кылмыш дүйнөсүнүн аталыгын коргогон, ал тургай жан тартып, боору ооруган пикирлер да жазылууда. Мисалы, Фейсбук тармагына Муратбек Жетимишбаев деген белгилүү эле бир авабыз: Тааныбайм, жакшылык жамандыгын деле көргөн эмесмин! Кылган иштерин деле билбейм! Бирок, негедир ичим ачышып жатат!”,- дептир. Албетте, болгон окуяга кандай пикирин билдирет, ал ар кимдин өзүнүн эрки деңизчи. Бирок коомчулукка жол көрсөтүп, алдыга сүрөп, үлгү болот деген аксакалдарыбыздын мындай кайдыгер мамилеси таң калтырууда.

Деги К. Көлбаев өзү ким эле? Ал катардагы эле бир жаран же жок дегенде мамлекеттин акчасын жеп койгон коррупционер-чиновник эмес да. К. Көлбаев 1974-жылы 3-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Ал Кыргызстандагы жана КМШдагы беделдүү, таасирдүү «мыйзамдагы ууру». 2008-жылы Москвада таасирдүү кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү катышкан жыйында Вячеслав Иванков (Япончик) тарабынан “мыйзамдагы ууру” таажысы ыйгарылган.

2011-жылдын июнь айында АКШ аны расмий түрдө эл аралык баңгизат бизнесинин негизги фигурасы катары таанып, кара тизмеге киргизген. Анда эгер ким К. Көлбаевдин кылмыштуу дүйнөсү тууралуу маалымат берсе, 1 млн доллар сыйлык да убада кылынган. Ошол эле учурда Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) да “кара тизмеге” киргизип, өз өлкөсүнүн аймагына кирүүсүнө тыюу салган. К. Көлбаевдин негизги бизнеси катары Афганистанда өндүрүлгөн баңгизатын Россия, Европа жана башка өлкөлөргө “экспорттоодо” наркоканалдын түндүк агымын көзөмөлдөө эсептелет.

2018-жылдагы Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун парламентте берген маалыматы боюнча, К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 424 мүчөсү бар. Демек, ушунча кылмышкерлер чакан мамлекетибиздеги кызарган жердин баардыгын талап-тоноп келишет. Эгер УКМК менен ИИМдин күндөлүк маалыматтарына көңүл бурсак, күн сайын “К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды…”,- деген сүйлөм менен башталган маалыматтарды окуйбуз. Алар дээрлик баардыгы эле таман акы, маңдай тери менен тапкан акчасына машина алган же бизнес жасаган карапайым адамдардын акчасын, байлыгын тартып алгандар.

Башканы кой, К. Көлбаевдин кылмыштуу тобу өзүнүн кичи мекени болгон Ысык-Көл облусунда да “ишмердүүлүгүн” кеңири жүргүзүп, айрыкча туристтик сезон маалында эс Бостериге «смотрящий» болгон Макинтош кармалды.

УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Майрамбек Мусадаровду колго түшүрдү. Ал кримчөйрөдө Макинтош каймана аты менен белгилүү, өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон. Мурун Бостери айылынын «смотрящийи» аталган. Эми Макинтош Чолпон-Атадагы ипподромдун жанынан жер тилкесин берем деп бирөөнүн 5000 долларын, унаасын тартып алып, бирок жерди Көлбаевге өткөрүп берип койгон деп кармалды.

Кылмышкерлер өз талаптарына баш ийбеген бизнесмендерди эч качан аяган эмес, ал тургай жырткычтык менен өлтүрүп коюуга чейин барган. Ошондуктан өзүнүн жана жакындарынын өмүрүн бөөдө кыйгысы келбегендер кандай гана талап коюлбасын баш ийип, айткан суммасын берип турушкан. Бул сөзүбүзгө далил катары мындан бир нече жыл мурда Ысык-Көлдөгү жеке ишкердин пансионаты өрттөлгөндүгүн айтсак болот. Көрсө, андан мурда жергиликтүү “смотрящийлер” ага айына 500 АКШ долларын төлөп турууну сунуш кылышкан экен. Бирок ал баш тартып койгондон көп өтпөй, пансионатынан түн ортосунда өрт чыгып, заматта күлгө айланып калган.

Мындай мисалдарды келтире берсек толтура. К. Көлбаев түзгөн кылмыштуу топ өлкөбүздүн эң алыскы аймактарында базарда соода кылгандардан тартып, кен иштеткендерди, банктарды, ири соода дүкөндөрүнүн, кафе, ресторандардын ээлерин коркутуп, ай сайын “өз үлүшүн” алып турушкан. Бизге жеткен айрым маалыматтар боюнча, Кыргызстандын эң алыскы аймагы болгон Лейлек районуна чейин “өкүлдөрүн” дайындап, ал жердеги чакан базарда соода кылгандардан тартып, мал базарларга чейин “ставка” коюп койгон.

Дагы бир маалыматтар боюнча, жакында УКМК тарабынан мамлекетке ири суммада зыян келтиргендини аныкталган Сүлүктү шаарындагы “көмүр мафиясы” да аймактагы “смортящийи” аркылуу К. Көлбаевге “отметка” болуп турушкан.

К. Көлбаевдин кылмыштуу дүйнөсү ал тургай саясатка чейин аралашып, айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлигин койгондор да андан “добро” ала башташкан. Демек, алар андан кийин мамлекетке эмес, өздөрүнүн “паханына” иштөөгө милдеттүү болуп калышкан. Ал тургай өлкөбүздөгү банктар, “Кумтөр” баш болгон алтын кендери да тапкан пайдасынын бир бөлүгүн К. Көлбаевдин “общагы” менен бөлүшүп турган. Чет элдик ишкерлер менен инвесторлор да кылмыш дүйнөсүнүн анабашыларынын алдынан өтүп турушкан. Бул өз кезегинде өлкөбүзгө инвесторлордун келишине кедергисин тийгизип келген.

Социалдык тармактарда айрым адамдар 2021-жылы азыркы бийликтин К. Көлбаевдин колдоосу менен келгендиги тууралуу да айтышууда. Мындай пикирлердин негизи жок экендигин так кесе айтсак болот. Анткени ал кезде эл өзү эле ошол учурдагы бийликтин шайлоону ыплас ыкмага салып өткөргөндүгүнө нааразы болуп көтөрүлгөн жана С. Жапаров менен К. Ташиевдин кадыр-баркы жогору болуп тургандыктан. Аларды көпчүлүк колдоп кеткен.

Азыр эл арасында К. Көлбаев жок кылынгандан кийин эми эмне болот? Анын ордуна ким келет суроолор жаралууда. Бирок мындан ары Кыргызстанда эч кандай “мыйзамдагы ууру”, кылмыш дүйнөсү болбош керек. Биринчиден, эл кылмышкерлердин зомбулугуна тоюп бүттү. Экинчиден, бул көрүнүш өлкөбүздүн эл аралык кадыр-баркына да чоң кесепетин тийгизүүдө.

Жогоруда айтылгандай, УКМК жана анын төрагасы К. Ташиев кийинки кадамын К. Көлбаевдин кылмыштуу дүйнөсүнүн мүчөлөрүн толук кармап, мыйзамга ылайык жаза тартышы же тамырын биротоло кыркышы керек. Ошондо гана мамлекетибиз бул коомдук илдеттен кутулуп, чындап өнүгүү жолуна түшөт жана эл аралык аренада кадыры жогорулайт!

А. Белеков.

Комментарий жиберүү