Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга 400 үй курулат

Мамлекет Афганистандан көчүп келген кыргыздарга бекер үй салып берет.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жакынкы мезгилде Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландалууда. Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалат.

Өлкө жетекчилиги Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат – бул максаттар үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар.

Белгилей кетүүчү жагдай, Афганистандын аймагындагы Улуу жана Кичи Памир айылдарында үч миңге жакын кыргыздар жашайт. Алардын көпчүлүгү СССРдин учурунда Түркиянын өкмөтү тарабынан бул мамлекеттин Ван аймагына көчүрүлүп кеткен. Кыргыз өкмөтү жыл сайын памирликтерге гуманитардык жардам жеткирип турат. Айрымдары жыл сайын түпкү мекенине көчүп келишүүдө.

Комментарий жиберүү