Эбола жана COVID-19дан да коркунучтуу: Эксперттер куш тумоосу мутацияланышы мүмкүн экенин эскертишти

  Акыркы жылдары куш тумоосу (H5N1) көп каттала баштады. Мурда вирус канаттуулар үчүн гана коркунучтуу болсо, азыр адамдар үчүн да кооптуу болууда.

Бул тууралуу «Ведомости» басылмасына жугуштуу оорулардын вирусологдору билдирди.

Окумуштуулар H5N1 вирусунун мутациялары адамдан адамга жугушу мүмкүн экенин эскертишүүдө. Вирусологдор мунун кесепети жада калса коронавирус пандемиясынан жана Эболадан да ашып түшүшү мүмкүн деп айтышууда.

Россиянын Фундаменталдык жана трансляциялык медицина боюнча федералдык изилдөө борборунун өзгөчө коркунучтуу инфекциялар лабораториясынын башчысы Александр Чепурнов илимий изилдөөлөр вирустун адамдан адамга тароо ыктымалдыгын тастыктай турганын эскертти.

«Мындай пандемия боло турган болсо, анда ал Эболадан да оор болот, анткени куш тумоосу абадагы тамчылар менен жугат», – деп түшүндүрдү вирусолог.

Анын айтымында, куш тумоосунун пандемиясы коронавирустук инфекцияга караганда адамды катуураак жабыркатышы мүмкүн.

Россиянын Элдердин достугу университетинин жугуштуу оорулар кафедрасынын доценти, инфекционист Сергей Вознесенский да мутациянын аягы пандемия менен аякташы мүмкүн экенин, аны 20-кылымда пайда болгон «испан тумоосуна» салыштырууга болоорун белгиледи.

Роспотребнадзордун “Вектор” борбору азырынча H5N1 адамдан адамга жуккан учурду каттай элек. Бирок вирус жаныбарлардан адамдарга жугат.

«Сасык тумоонун бул штаммы төмөнкү дем алуу жолдору аркылуу тез таралышы менен коркунучтуу, анын жүрүшүндө вирустук пневмония, курч респиратордук дистресс синдрому пайда болот», – деп билдиришти борбордон.

Куш тумоосуна каршы вакциналар азырынча жок, бирок прототиптери бар. 2022-жылдын аягында Россиядагы Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург сасык тумоонун ар кандай штаммдарынан коргой турган дарыны иштеп чыгууну жарыялаган, анын ичинде канаттуулар вирусу да бар.

Куш тумоосу – дем алуу жана тамак сиңирүү органдарын жабыркатуучу курч жугуштуу вирустук оору. Ал өлүмгө да алып келет. Жогорку патогендүү H5N1 түрү 1959-жылы Шотландияда биринчи жолу катталган вирустан келип чыккан деп болжолдонууда.

Январдын аягында Румынияда куш тумоосунун эпидемиясы катталган. Кодля шаарындагы бакма канаттуулар фабрикасынын комплексинде илдеттин үч очогу аныкталган. Андан кийин 220 миңден ашык үндүк жок кылынган.

Ал эми Испанияда 52 миң норка массалык инфекциядан улам жок кылынган.  

2022-жылдын декабр айында Казкстандын Мангыстау облусунда куш тумоосу аныкталган. Ага чейин Мангистау облусундагы Каракол көлүндө жүздөгөн ак кууларлардын жапырт өлүмү катталган.

Ал эми 2020-жылдын сентябрь айында Казакстанда куш тумоосунан тогуз аймакта жарым миллиондон ашык үй канаттуулары өлгөн.

Комментарий жиберүү