Эквадордо президенттикке талапкерди атып кетишти (видео)

Эквадордун баш калаасы Кито шаарында шайлоо алдындагы митингден кийин президенттикке талапкер Фернандо Вильявисенсиону атып кетишти.

Бул тууралуу El Universo гезити жазды.

Басылма өз булактарына таянып кабарлагандай, кол салуу учурунда сегиз киши жаракат алып, жетиси ооруканага жеткирилди.

Expreso басылмасы Вильявисенсиону полиция бөлүп берген автоунаага отуруп жатканда атып кетишкенин жазды. Ал полиция тарабынан кайтарууга алынып жаткан талапкерлердин бири болгон. Саясатчы бир жума мурда маңзат сатууга байланышы бар топтор тараптан коркутуулар болуп жатканын айткан.

Эквадордун Башкы прокуратурасы шектүү атышуу учурунда ок жеп, алган жараатынан улам өлгөнүн билдирди.

Өлкө президенти Гильермо Лассо маркум саясатчынын жакындарына көңүл айтып, бул кылмышты жасагандар жазасыз калбай турганын убадалады.

Вильявисенсионун өлүмүнөн кийин төрт талапкер өздөрүнүн шайлоо өнөктүктөрүн токтотушту. Алардын арасында фаворит эсептелип жаткан Луис Гонсалес да бар экенин El Universo гезити жазды.

Өлкөнүн Улуттук шайлоо кеңешинин башчысы Диана Атамаинт президенттик шайлоонун күнү өзгөрүүсүз каларын билдирди.

Эквадордо мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик жана парламенттик шайлоо 20-августка белгиленген. Өлкөнүн азыркы президенти Гильермо Лассо учурдагы парламент өкмөттүн реформаларына бут тосуп жатканын айтып, аны таркатуу үчүн мөөнөтсүз шайлоо жарыялаган. Ошол эле маалда ал өз талапкерлигин коюудан баш тарткан.

59 жаштагы мурдагы журналист Вильявисенсио 20-августта өтө турган шайлоого ат салышып жаткан сегиз талапкердин бири болчу.

https://ren.tv/player/video/embed/1131322#autoplay=1;

Комментарий жиберүү