Иран гиперүндүү ракетаны жасоо технологиясына ээ болгонун жар салды

“Ирандын коргоо өнөр жайынын адистери гиперүндүү ракетаны жасоо технологиясына ээ болушканын, ракета учурда сыноо баскычында экенин жар салышты. Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги жазды.

Ирандын канаттуу ракеталарынын жаңы мууну катары белгилүү болгон бул ракета учурда сыноолордон өтүп жатат. Ал  өлкөнүн коргонуу технологиясында жаңы барак ачат, анткени үндүн ылдамдыгынан да тез учкан мындай канаттуу ракетаны кармоо өтө кыйын”, – деп айтылат маалыматта.

Маалыматта бул технологияга жетишүү – ирандык канаттуу ракеталардын ылдамдыгы бир топ жогорулай тургандыгы жана бул ракеталар менен күрөшүү өтө кыйынга турары жагынан маанилүү экени белгиленет.

Ирандын үндүн ылдамдыгынан да тез учкан ракеталардын технологиясын так кайдан алганы айтылган жок.

Эске салсак, ушул жылдын июнь айында Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аэрокосмостук күчтөрү ата мекендик өндүрүштөгү “Фаттах” деп аталган жаңы гиперүндүү ракетасын көрсөткөн. Анын бет ачарына президент Ибрахим Раиси да катышкан.

Жаңы ракета бардык ракетадан коргонуу системаларынан өтүп, аларды жок кылууга жөндөмдүү. Анын учуу аралыгы 1,4 миң чакырымды түзөт, ылдамдыгы саатына 14-15 миң чакырымга жетет. Ракета жогорку тактыгы жана маневрдуулугу менен айырмаланат, ал радиолокациялык системаларга көрүнбөйт. 

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аэрокосмостук күчтөрүнүн командачысы Амирали Хажизаде көрсөтүлгөн ракета дүйнөдө теңдеши жок ракета экенин айтып, Иран бул технологияга ээ болгон төрт өлкөнүн бири болгонун белгилеген.

Эске салсак, Иран өзүнүн биринчи гиперүндүү баллистикалык ракетасын жасап чыгарганын былтыр ноябрда жар салган.

Анда Хажизаде жаңы ракета абадан коргонуунун бардык системаларынан буйтап өтө аларын, жана ондогон жылдар бою ага туруштук берүүгө жөндөмдүү технологиялар пайда болот деп ойлобой турганын билдирген.

Хажизаде жаңы жасалган ракета душмандын ракетага каршы системаларын жок кылуу үчүн иштелип чыкканын, мындай куралдардын пайда болушу менен өлкөнүн ракета өндүрүшүндө чоң секирик жасалганын баса белгилеген. Ал ракетаны сыноо иштери аяктаганын айтып, жакын арада көрсөтүлөрүн убада кылган.

Комментарий жиберүү