Нигердеги козголоң: өлкөдө жаңы өкмөт түзүлдү

 Нигерде бийликти басып алган козголоңчулардын лидери генерал Абдурахман Тчиани өткөөл өкмөт түзүү тууралуу жарлыкка кол койгонун ActuNiger порталы билдирди.

“Мекенди коргоо боюнча улуттук кеңештин” төрагасы, мамлекет башчысы 2023-жылдын 9-августунда өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду”, – деп жазылат маалыматта.

Кабинетке 21 министр кирди. Ошол эле учурда берилген тизме боюнча саналуу гана адамдардын аскердик наамы бар.

Нигердин козголоңчулары тарабынан дайындалган премьер-министри Ламин Зейн Али Махамане билими боюнча финансист. 2003-2010-жылдары каржы министри болуп иштеп, кийин мамлекеттик төңкөрүштөн улам кызматынан ажыраган. Акыркы убакта ал Африка өнүктүрүү банкынын Чад, Кот-д’Ивуар жана Габондогу өкүлү болгон.  Эми ал өкмөт башчынын кызматын экономика жана каржы министринин кызмат орду менен айкалыштырат.Жаңы тышкы иштер министри болуп буга чейин Нигердин БУУдагы туруктуу өкүлү болуп иштеген Бакара Йау Сангаре болду. Коргоо министрлигин генерал Салифу Моди жетектеди. Ал 2000-жылдан 2023-жылдын апрелине чейин Нигер Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы болгон. Июнь айынын башында ал Нигердин БАЭдеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.Нигерде эмне болуп жатат?

26-июлда Нигердин президенттик гвардиясынын мүчөлөрү улуттук телевидение аркылуу сүйлөп, мамлекет башчысы Мохамед Базум кызматтан кеткенин жана чек аралар жабылып, коменданттык саат киргизилгенин жарыялашкан.

Бийликтен кулатылган президент Мохамед Базум

Ага чейин гвардиячылар борбор калаа Ниамейдеги президенттик сарайды тороп алышкан. Гвардиянын командири генерал Абдурахман Тчиани “Мекенди коргоо боюнча улуттук кеңештин” жетекчиси катары теле эфирден чыгып сүйлөгөн.

Армиянын командачылыгы козголоңчулар менен тилектештигин билдирген. Кулатылган президент Мохамед Базум АКШга жана эл аралык коомчулукка кайрылып, өлкөдө конституциялык тартипти калыбына келтирүүгө чакырган. Төңкөрүштү ЭКОВАС, Евробиримдик, Франция жана башка бир катар мамлекеттер айыптап, Базумду бошотууну жана анын президенттик кызматын калыбына келтирүүнү талап кылышты.

Нигер президенти учурда резиденцияда үй камагында кармалып турат.

Комментарий жиберүү