Бүгүн, 8-июнда Израилдин Коргонуу күчтөрү (ЦАХАЛ) Ирандын түштүк-батышындагы мунай-химиялык комплекске чабуул жасады.
“Бир аз убакыт мурун Израилдин Аскер-аба күчтөрү Бендер-Махшехр шаарындагы мунай-химиялык комплекске бир нече бутага сокку урган”, – деп айтылат Израиль армиясынын Telegram-каналындагы билдирүүсүндө.
Кийинчерээк Ирандын Мунай министрлиги өзүнүн объектилерине жасалган чабуулдарды ырастады. Израилдин чабуулунда кызматкерлер арасында жабыркагандар болбогонун заводдун басма сөз кызматы кабарлады.
Эмне үчүн Израиль Ирандагы Карун мунай-химиялык комплексине сокку урду?
Карун мунай-химиялык комплекси Ирандагы изоцианаттарды өндүргөн жалгыз ири ишкана жана Жакынкы Чыгыштагы мындай продукцияны чыгарган саналуу ишканалардын бири болуп эсептелет.
Бул ишкананын стратегиялык мааниге ээ негизги продукциялары — TDI (толуолдиизоцианат) жана MDI (метилендифенилдиизоцианат). Алар полиуретан өндүрүүдө колдонулуучу негизги чийки заттар болуп саналат.
Полиуретан төмөнкү тармактарда кеңири колдонулат:
- жумшак эмерек өндүрүшүндө;
- матрас жасоодо;
- автоунаа өнөр жайында;
- муздаткыч жана тоңдургуч чыгарууда;
- курулуштагы жылуулук изоляция материалдарында;
- сэндвич-панелдерди өндүрүүдө;
- бут кийим өндүрүшүндө.
Белгилей кетсек, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-июнда кайрадан курчуду. Ал күнү кечинде Иран Израилдин Ливанга жасап жаткан соккуларына жооп иретинде түндүк аймактарына бир нече ракеталык соккуларды жасады. 8-июнь күнү эртең менен Израилдин аскерлери Ирандагы аскердик буталарга сокку уруу менен жооп берди.
Бул апрель айынын башынан берки чыр-чатактын эң олуттуу күчөшү болду.