Эрдоган Израилди террордук мамлекет деп атады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилди “террордук мамлекет”, ал эми ХАМАС кыймылын Газа тилкесиндеги мыйзамдуу саясий күч деп атады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

«Израиль мамлекеттик терроризм менен алектенет. Мен муну ачык айтып жатам — Израил террордук мамлекет. Силер ХАМАСты террордук уюм деп атап жатасыңар, бирок ХАМАС шайлоодо жеңген саясий партия», — деди ал», деди түрк лидери.

Эрдоган Түркия “дүйнө Израилди террордук мамлекет катары таанып, билүүсү үчүн аракетин улантат” деп кошумчалады.

Түрк лидери Анкара БУУнун Башкы ассамблеясында Газа тилкеси боюнча ок атышпоо резолюциясы боюнча добуш берүүдөн карманышкан 41 өлкө менен телефон аркылуу байланышып, аларды «чындыкты көрүүгө» көндүрүүнү пландап жатканын белгилеп, мындай жол менен Израилди изоляциялоону уланта тургандыктарын билдирди.

«Биз дипломатиялык байланыштарыбызды кеңейтебиз. (Жакынкы Чыгыш боюнча резолюцияны колдогон) 121 өлкө менен да, (добуш берүүдөн карманган) 40 өлкө менен да диалог жүргүзөбүз. Биз Израилди изоляциялоону жана Газа тилкесине ар кандай гуманитардык колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Биз алардын (Израиль – ред.) эл аралык соттордо соттолушу үчүн чараларды көрөбүз”, — деп баса белгиледи түрк президенти.

Комментарий жиберүү