Матвиенко: Батыш КМШ өлкөлөрүнүн шериктештигин бөлүп-жара албайт

Батыш өлкөлөрү КМШ өлкөлөрүнүн шериктештигин бөлүп-жарып, Россия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты үзө албайт. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.

«Батыш өлкөлөрү Россия менен Борбор Азия мамлекеттерин бөлүп-жарууга ар тараптан аракет кылып жатат», — деди Матвиенко.

«Бирок ушул убакка чейин муну ишке ашыруу мүмкүн болгон жок жана андан майнап чыкпайт деп толук ишенем, биздин жалпы тарыхыбызды, жалпы жеңиштерибизди бузуу, элдерибиздин калыптанган достугун, өз ара урматтоосун бузуу мүмкүн эмес. Бул акыркы 30 жыл ичинде биздин кызматташтыгыбызды бекемдөө үчүн жасалган, ал өзүнчө баалуу жана бардык мамлекеттер үчүн пайдалуу», — деди саясатчы.

Матвиенко шериктештик өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданын өсүшүн, КМШда ири инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, батыш мамлекеттери канчалык аракет кылбасын, «КМШ өлкөлөрү эч качан алардын сателлити болбойт».

Комментарий жиберүү