Эрдогандын жубайы Стамбулда Палестина боюнча саммит өткөрдү. Ага Биринчи айымдар катышты

Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган 15-ноябрда Стамбулда “Палестина үчүн бир жүрөк” деген темада саммит өткөрдү. Ага мамлекет жана өкмөт башчыларынын жубайлары, ошондой эле көптөгөн өлкөлөрдүн атайын өкүлдөрү катышканын Anadolu агенттиги жазды.

Палестинага тилектештик билдирген саммитке катышкандардын арасында Өзбекстан, Бангладеш, Босния жана Герцеговина, Палестина, Бразилиянын биринчи айымдары Зироатхон Мирзиёева, Ребекка Султана, Сабина Комсич, Амина Аббас, Розанжела да Силва жана Малайзиянын ханышасы Тунку Азиза, Ливандын премьер-министринин жубайы Мэй Микати, Катардын шейхинин энеси Моза бинт Насер аль-Миснед, Пакистандын премьер-министринин жубайы Садия Рахматулла жана башкалар бар.

Долмабахче кеңсесинде өткөн саммитти Эмине Эрдоган ачты. Ал Газадагы көп сандаган балдардын өлтүрүлүшүнө Израилди айыптап, ок атууну токтотууга чакырды.

Анын айтымында, бүткүл дүйнөнүн биринчи айымдары биригип, Палестинада тынчтык орнотууну «бир үн менен, бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп» талап кылышы керек.

Эмине Эрдоган Израилдин аскерий операциясынан улам толугу менен талкаланган Газа тилкесин кайра калыбына келтирүү үчүн фонд түзүүнү сунуштады.

«Палестинага тынчтык орнотуу демилгесин көтөрөлү. БУУнун, Ислам Кызматташтык Уюмунун жана башка түзүмдөрдүн катышуусунда Газаны реконструкциялоо фондун түзүү зарыл», — деди ал.

Түрк президентинин жубайы ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешин Израилдин Газаны басып алуусун токтотуу маселесин тез арада чечүүгө чакырды.

«Газанын мыйзамсыз басып алуусу токтоосуз токтотулуп, басып алынган жерлер палестиналыктарга кайтарылышы керек. Күнөөсүз аялдар менен балдарды кайдан чыкканына карап баалагандарга каршы бекем турабыз»,-деди Эрдоган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жубайы Зироатхан Мирзиёева Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга чакырды.

«Эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусуна жана кысымына карабай, трагедия жана кыйроолор болуп көрбөгөндөй масштабда кеңейүүдө», — деди ал.

Өзбек биринчи айымы өзбек эли палестин эли менен тилектеш экенин айтып, гуманитардык жардам жеткирүүгө шарт түзүүгө, жаңжалды «эки элге эки мамлекет» деген принциптин негизинде дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

Ал Газадагы бир айдан ашык убакыттан бери уланып, миңдеген курмандыктарга алып келген коркунучтуу окуяларды, айрыкча балдар, аялдар жана кары-картаңдарды арасындагы жоготууларды эч кандай актоого болбой турганын белгиледи.

Катардын шейхинин энеси Моза бинт Насер аль-Миснед Израиль эл аралык укуктун бардык нормаларын тоготпой, Газа тилкесине чабуулун улантып жатканын билдирип, согуштук аракеттерди дароо токтотууга чакырды.

«Газада эл аралык гуманитардык мыйзам бузулуп, адамдар аёосуз өлтүрүлүп, үйлөрү талкаланууда», — деди ал.

Шотландиянын биринчи министри Хамза Юсефтин жубайы Надя Эль-Накла: «Күчтүү адамдар дипломатиянын тилин талкуулап жатканда, балдар өлүп жатат, бизге сөз эмес, иш-аракет жана ок атууну токтотуу керек» деди.

«Бүгүн биздин бул жерге келгенибиздин бирден-бир себеби — бейкүнөө эркектердин, аялдардын жана балдардын өлүмүнө жол бербөө», — деди Надя Эль-Накла.

Эль-Накла ата-энеси Палестинадан экенин белгиледи. «Мен жана менин үй-бүлөм, ошондой эле Газа тилкесинде жашаган 2,2 миллион адам 17 жылдан бери курчоодо; тамак-аш, суу, электр энергиясы, күйүүчү майдын баарын чет элдик күчтөр тарабынан көзөмөлдөнүп, чектелүүдө», — деди ал.

Ал эми Пакистандын премьер-министринин жубайы Садия Рахметулла Газа үчүн гуманитардык коридор түзүү зарылдыгын белгиледи.

Түркмөнстандан келген дипломат Чынар Рустамова да форумдун катышуучулары Палестина элине, бейкүнөө балдарга жана алардын энелерине колдоо көрсөтүү жана алардын үнүн бүткүл дүйнөгө жеткирүү үчүн чогулганын айтты.

Бразилиянын биринчи айымы Розанжела да Силва Газада ок атышууну дароо токтотууга жана анклавга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн коридор ачууга чакырды.

Ал XXI кылымда эл аралык коомчулук жарандардын коопсуздугун камсыздай албай жатканын кабыл алынгыс деп атады. Бразилиянын биринчи айымы «диалог куралдан үстөм болушу керек» экенин айтып, согуштун жана өзүн-өзү коргоо укугунун эрежелери жана чектөөлөрү бар экенин белгиледи.

Саммиттин жыйынтыгында Газа тилкеси боюнча биринчи айымдардын саммитинин катышуучулары  ак ниет Декларациясын кабыл алышты.

Комментарий жиберүү