Эрдоган: Нетаньяхунун кетиши менен Жакынкы Чыгышта тынчтык орнойт

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана анын администрациясы Газадагы геноцид үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек.

Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдиргенин Anadolu агенттигине шилтеме берүү менен ТАСС жазды.

«Мен мурда айткандай, Нетаньяху – киши өлтүргүч жана Газанын касапчысы. Аны Эл аралык Кылмыш Сотунда (Слободан – ред.) Милошевич сыяктуу жоопко тартыш керек», – деди ал.

Эрдоган ошондой эле Анкара үч миңдей адвокаттын жардамы менен Газа тилкесиндеги кырдаал боюнча сот процессин демилгелөөгө аракет кылып жатканын баса белгиледи. Саясатчы кошумчалагандай, “татыктуу жаза” Нетаньяху жана анын айланасындагыларга гана эмес, башка өлкөлөрдүн саясатчыларына да тиешелүү болушу керек.

“Бул ишти Түркиянын сыртында да көптөгөн өлкөлөрдөн адвокаттар жана прокурорлор карап жатышат. Биз бул ишти көзөмөлгө алууну улантабыз. Биздин милдет бул геноцидди мүмкүн болушунча тезирээк токтотуу жана күнөөлүүлөрдү жазалоо. Нетаньяху жана анын шериктери жазаланышы керек, бул геноцид жасагандардын баарына үлгү болот”, – деп белгиледи түрк лидери.

Эрдоган Нетаньяхунун Израилдин премьер-министрлигинен кетиши менен Жакынкы Чыгыш аймагында тынчтык орной турганын айтты.

“Эгер Нетаньяху кетсе, анда ал жерде (аймакта – ред.) тынчтык өкүм сүрөрүн белгилей кетүү маанилүү. Бирок бүгүнкү күндө ал бул геноцидди өзүнүн саясий өмүрүн узартуу жана соттон качуу үчүн колдонуп жатканы чындык. Белгилүү болгондой, Нетаньяхуга карата “сот процесси жүрүп жатат, ал тургай ал соттолот деген имиштер да болгон. Ушундан кийин Израилдин Газага каршы агрессиясы башталды”, – деп белгиледи ал.

Буга чейин Эрдоган Түркия палестиналык ХАМАС кыймылын террордук уюм катары тааныбай турганын билдирген.

Комментарий жиберүү