Иран менен Сауд Аравиянын ТИМ башчыларынын алгачкы расмий жолугушуусу

Иран менен Сауд Аравиянын ТИМ башчыларынын алгачкы расмий жолугушуусу

 Сауд Аравия менен Ирандын тышкы иштер министрлери Фейсал бин Фархан Аль Сауд менен Хоссейн Амир Абдоллахиан бүгүн, 6-апрелде Пекинде жолугушту, бул эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын жети жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу расмий жолугушуусу болду. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалы билдиргенин РИА Новости жазды. Буга чейин Сауд Аравиянын “Аш-Шарк аль-Аусат” гезити өз булактарына таянып, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү боюнча келишимди активдештирүү үчүн Пекинде жолугушуу даярдалып жатканын жазган. Маалымат булактары эки министрдин жолугушуу жери катары Пекиндин тандалышы Кытайдын…

Прочитайте больше

Швецияда Куранды өрттөө акциясына тыюу салуу чечими жокко чыгарылды

Швецияда Куранды өрттөө акциясына тыюу салуу чечими жокко чыгарылды

 Швециянын жогорку административдик соту Куран китебин өрттөө менен коштоло турган эки акцияга тыюу салуу тууралуу чечимди жокко чыгарды. Ошол эле маалда “террордук акт” жасоого даярдык көргөн деген шек менен беш исламист кармалды. Швеция полициясы февралда коопсуздук маселелеринен улам Куран китебин өрттөгөн акцияларды өткөрүүгө тыюу салган. “Полициячылар өз чечимдерин жетиштүү деңгээлде негиздей алган эмес”, – деди судья Ева Лотта Хедин. Швед полициясы февралда Түркия менен Иран элчиликтеринин алдында Куранды өрттөгө тыюу салган. Муну мекеме январдагы акция…

Прочитайте больше

НАТО кантип кеңейген. Видео

НАТО кантип кеңейген. Видео

 Ушул жылдын 4-апрелинде Финляндия расмий түрдө НАТОго кошулду. Муну менен Финляндия Түндүк атлантикалык келишим уюмунун 31-мүчөсү болду. Жакынкы келечекте ага Швеция да кирип калат. Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму (НАТО) 1949-жылы 4-апрелде Вашингтондо өткөн конференцияда түзүлгөн. Анын биринчи мүчөлөрү АКШ, Канада, ошондой эле Европанын он өлкөсү: Бельгия, Улуу Британия, Дания, Италия, Исландия, Люксембург, Нидерланды, Норвегия, Португалия жана Франция болушкан. 1952-жылы НАТОго Греция менен Түркия, 1955-жылы Германия, 1982-жылы Испания кирген. 1999-жылы 12-мартта Венгрия, Польша жана Чехиянын альянска кабыл алынышы менен НАТО чыгышка карай…

Прочитайте больше

Израиль аскерлеринин Орозо айында Аль-Акса мечитине бастырып кириши. Видео

Израиль аскерлеринин Орозо айында Аль-Акса мечитине бастырып кириши. Видео

 Бир катар мусулман өлкөлөрү Израиль күчтөрүнүн Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине кол салуусун расмий түрдө айыпташты. Израилдик аскелер менен палестиналыктардын кагылышуусу  5-апрелге караган түнү башталып, эки күндөн бери уланууда.  Мусулмандар үчүн анын мааниси азыр болуп көрбөгөндөй жогору, анткени мечитке кол салуу ыйык Рамазан айында болууда.  Палестинанын WAFA агенттиги өз булактарына таянып, Аль-Акса мечитинде Израилдин коопсуздук күчтөрү менен кагылышууда ондогон палестиналык жарадар болгонун маалымдады. Кийинчирээк Almayadeen агенттиги жаракат алган палестиналыктардын саны 100гө жеткенин маалымдады. Булактардын маалыматына караганда, 4-апрель күнү кечинде Израиль аскерлери мечитке бастырып…

Прочитайте больше