Аль-Акса мечитинде 250 000 палестиналыктын жума намазы

Аль-Акса мечитинде 250 000 палестиналыктын жума намазы

 Эл аралык Кудс күнүнө туш келген ыйык Рамазан айынын төртүнчү жумасында эки жүз элүү миң палестиналык Аль-Акса мечитинде намаз окушту. Аль-Акса мечитинде 250 000 палестиналыктын жума намазы + сүрөттөр Fars International News Group агенттигинин маалыматына ылайык, Палестинанын маалымат каражаттары палестиналыктар Эл аралык Кудс күнүнө туш келген ыйык Рамазан айынын төртүнчү жума намазын эң сонун түрдө өткөрүшкөнүн жарыялашты.  Палестинанын «Шахаб» кабар агенттигинин кабарына караганда, бүгүн Месжид-и Аксанын ар башка залдары чейрек миллион адамдын бул кереметтүү намазын…

Прочитайте больше

Ирактын абактарында Кыргызстандын 41 жараны отурат

Ирактын абактарында Кыргызстандын 41 жараны отурат

Учурда Ирактын түрмөлөрүндө Ирак Республикасынын сот органдары тарабынан “Ирактын аймагында террордук ишмердүүлүккө катышкан” деген айып менен соттолгон Кыргызстандын 41 жараны кармалып турат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына караганда, 2023-жылдын 28-февралында Ирактын түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн Кыргызстандын эки жараны Ирак Республикасынан алып келинген. 2021-жылдын март айында Кыргызстандык балдарды Ирактан кайтаруу боюнча биринчи “Мээрим” атайын операциясы жүргүзүлүп, 79 бала мекенине кайтарылган. Анда 79 баланын 50ү мектеп жашында, 17си бала бакча жашында,…

Прочитайте больше

Талибан кыймылынын өкүлдөрү Өзбекстанга келди

Талибан кыймылынын өкүлдөрү Өзбекстанга келди

Талибан өкүлдөрү Самаркандда Ооганстанга коңшу өлкөлөрдүн – Өзбекстан, Иран, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин төртүнчү жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Иш-чарага Өзбекстан төрагалык кылды. Ооганстанга коңшу өлкөлөр бул мамлекеттин инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлоруна катышууга даяр экенин билдиришти. Форумдун жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы кырдаалды, инклюзивдүү өкмөт түзүү, ооган аялдарынын жумушка орноштуруу, билим алуусун камсыздоо, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо маселесин талкуулашты. Ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү жана улуттук экономиканы калыбына…

Прочитайте больше

Иранда палестиндерди колдогон кемелердин парады өттү. Сүрөт

Иранда палестиндерди колдогон кемелердин парады өттү. Сүрөт

 Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскер-деңиз күчтөрү Палестина элине тилектештик көрсөтүү максатында Каспий деңизинде, Перс булуңунда жана Оман деңизинде  2700дөн ашуун кеменин катышуусунда ири парад өткөрдү. Бул тууралуу иран маалымат каражаттары жазды. Бүгүн, 14-апрель ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы – Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күнү дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештигин билдиришет. Аль-Кудс күнү Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күн Иран боюнча жыл сайын белгиленип, миңдеген адамдардын катышуусунда жөө…

Прочитайте больше

Орозолуу адам күнөөдөн да сактанууга тийиш

Орозолуу адам күнөөдөн да сактанууга тийиш

Суроо: Орозо кармаган бир адам жеп-ичүүдөн гана тыйылууга тийишпи же күнөөлөрдөн дагыбы? ЖООП: Орозо кармоо бир гана жеп-ичүүдөн тыйылуу эмес. Колду, тилди, көздү, кулакты жана бардык дене-мүчөлөрдү да күнөө кылуудан сактоо керек. Анткени, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: “Эгер орозо кармаган адам жалган сөздү таштабаса, ал адамдын жеп-ичүүдөн тыйылуусуна Аллаху таала муктаж эмес”, – деген. Пайдасыз нерселерди сүйлөө, жалган айтуу, гыйбат кылуу кармалган орозонун сообун кетирет. Кыйынчылыкка, азапка чыдап, ибадат кылып, бирок, анын сообун жок кылуу акылдуу адам кыла турган иш эмес….

Прочитайте больше