Америка сириялык 33 мунай танкерин уурдап кеткен

Америка сириялык 33 мунай танкерин уурдап кеткен

 Сириянын маалымат булактары бул өлкөнүн 33 мунай танкери америкалык баскынчылар тарабынан уурдалып, Иракка контрабандалык жол менен ташылганын кабарлады. Fars эл аралык кабар агенттигинин кабарына ылайык, Американын баскынчы күчтөрү Сириянын мунай затын уурдоо саясатын улантууга ылайык, акыркы бир нече саатта бул өлкөнүн уурдалган мунай затын ташыган бир нече танкерди мыйзамсыз жолдор аркылуу Иракка жеткиришти. Сириянын расмий маалымат агенттиги (SANA) бул кабарды жарыялады: “Али-Арабия” четиндеги жергиликтүү булактар ​​Америка баскынчыларынын Аль-Жазира мунай кендеринен жана Шаркия аймагынан уурдалган мунай…

Прочитайте больше

Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсеси ачылды. Видео

Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсеси ачылды. Видео

 Президент Садыр Жапаров жана ФИФА Президенти Джанни Инфантино биргеликте Бишкек шаарында Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсесин ачышты. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Президенти Джанни Инфантино бүгүн, 5-майда, биргеликте Бишкек шаарында Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесин ачышты. Төрт кабаттуу имарат ФИФАнын Форвард (FIFA Forward) программасынын долбоору боюнча курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылган. Жаңы кеңсенин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы ФИФАнын кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, спорттук инфраструктураны жакшыртууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык…

Прочитайте больше

Сербияда эки сутканын ичинде ок атуудан 17 киши өлдү

Сербияда эки сутканын ичинде ок атуудан 17 киши өлдү

 Сербиянын Младеновац аймагындагы Дубона айылында болгон ок атуудан сегиз киши өлүп, дагы 13 адам жаракат алды. Бул тууралуу “Вечерние новости” басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, каза болгондордун арасында эрезеге жете элек балдар да бар. Жаракат алган жети кишинин абалы өтө оор деп бааланууда. Окуя 4-май күнү кечинде болгон. 21 жаштагы тургун жергиликтүү мектептин короосунда достору менен уруша кетип, үйүнөн Калашников автоматын алып келип ок чыгарган. Андан соң ал автоунаасына отуруп, аймактагы башка адамдарды да аткылаган. Кол…

Прочитайте больше

Орус бизнесмендери менен спортсмендери эмнеге кыргыз жарандыгын алышууда?

Орус бизнесмендери менен спортсмендери эмнеге кыргыз жарандыгын алышууда?

 “Хроники”: бир катар орус бизнесмендери жана спортчулары кыргыз жарандыгын алган. 2021-жылдан 2023-жылдын май айына чейин Орусиянын 352 жараны кыргыз жарандыгын алган. Бул тууралуу “Хроники” иликтөө долбоору билдирди. Долбоор Кыргызстан президентинин коомчулукка жарыяланган жарлыктары менен таанышып чыккан соң ушундай бүтүмгө келгенин ырастоодо. Иликтөөчү журналисттер өз өлкөсүнүн жарандыгын алган кыргыздарды эсепке алган эмес. Орусияда туулган жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык алгандарга гана анализ жасашкан. “Хроники” Түндүк Батыш федералдык округунун статистикасын өзүнчө карап чыккан. Алардын эсеби боюнча 2021-жылдан бери…

Прочитайте больше

Си Цзиньпин Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларын Кытайга чакырды

Си Цзиньпин Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларын Кытайга чакырды

 Жакында Кытайга Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары барат.  Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин билдиргенин “Зеркало” агенттиги жазды. Анын айтымында, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Миризиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду 16-майдан 20-майга чейин Кытайга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды. Хуа Чуньин белгилегендей, чакырылган президенттер Кытай-Борбор Азия саммитине катышат. Ага Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов да чакырылган. Саммит Шэньси провинциясынын борбору Сиань шаарында Си…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Москва шаарына барды. Видео

Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Москва шаарына барды. Видео

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  7-майда, расмий сапар менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) учуп кетти. Мамлекет башчысынын учагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды. Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди. Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Эске салсак, расмий сапардын алкагында Мамлекет башчысы Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле Россиянын башка расмий өкүлдөрү менен да жолугушат,…

Прочитайте больше

Ржевде кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды. Сүрөт

Ржевде кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды. Сүрөт

 Мөңгү баскан Ала-Тоонун үч чокусу түрүндөгү төрт метрлик эстелик Кыргыз ССРинде туулуп, Ржев салгылашында курман болгон Кызыл Армиянын жоокерлеринин урматына тургузулган. Россияда расмий сапар менен жүргөн президент Садыр Жапаров Ржев шаарында Улуу Ата Мекендик согушта Ржев-Вяземск багытындагы салгылашууларда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты. Жапаров менен Россиянын Мамдумасынын Федералдык Жыйынынын төрагасы Вячеслав Володин мемориалга гүл коюп, курман болгон жоокерлердин элесин бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти. Ржев жерине мемориал орнотуу демилгеси кыргыз тарапка таандык…

Прочитайте больше