Пакистан Индияга нааразылык нотасын берди.

Пакистан Индияга нааразылык нотасын берди.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө бейкүнөө жарандардын бутага алынышы айыпталганы жана тышкы иштер министрлигине чакырылган жогорку даражалуу индиялык дипломатка нааразылык нотасы берилгени белгиленди. Индиянын Кашмир көзөмөл сызыгында ок атышпоону бузуу менен себепсиз ачкан окто Пакистандан 2 жарандын каза болушунан кийин Пакистан Жаңы Делиге нааразылык нотасын берди. Пакистандын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө бейкүнөө жарандардын бутага алынышы айыпталганы жана тышкы иштер министрлигине чакырылган жогорку даражалуу индиялык дипломатка нааразылык нотасы берилгени белгиленди. Билдирүүдө жарандарды бутага алуунун…

Прочитайте больше

Израиль армиясы жөөт отурукташуучулардын палестиналыктарга кол салууларын айыптады

Израиль армиясы жөөт отурукташуучулардын палестиналыктарга кол салууларын айыптады

Израилдин башкы штабынын төрагасы Герци Халеви, Израилдин ички чалгындоо агенттиги Шин-Бет (Шабак) башчысы Ронан Бар жана Израилдин полиция башчысы Коби Шабтай биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүү жасашты. Израиль армиясы басып алынган Батыш Шериада жөөт отурукташкандардын палестиналыктарга каршы уюшкан кол салууларын «улутчул террор» жана алар менен күрөшө турганын жарыялады. Израилдин башкы штабынын төрагасы Герци Халеви, Израилдин ички чалгындоо агенттиги Шин-Бет (Шабак) башчысы Ронан Бар жана Израилдин полиция башчысы Коби Шабтай биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүү жасашты. Израил армиясынан…

Прочитайте больше

Израиль менен илимий-техникалык кызматташтыкты токтотууга АКШнын чечими

Израиль менен илимий-техникалык кызматташтыкты токтотууга АКШнын чечими

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2017-2021-жылдары бийликте турганда өлкөсү Израилдин Кудс жана Голан дөңсөөлөрүнүн эгемендигин расмий тааныганын жарыялаган. Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) администрациясы Израиль менен илимий-техникалык кызматташтыкты 1948-жылдагы чек араларды белгилеген «Жашыл линиядан» тышкары токтотууга буйрук берди. Израилдин Коомдук телерадио уюму КАНдын кабарына караганда Жо Байден башкаруусу 1948-жылкы араб-Израиль согушунан кийин жарыяланган ок атышпоого ылайык аныкталган чек ара сызыгы «Жашыл сызыктан» тышкары Израиль менен илимий жана технологиялык кызматташтыкты токтотуу чечимин чыгарды. Бул чечимге ылайык, эки…

Прочитайте больше

Кытай Иран аркылуу Өзбекстанга товар жеткире баштады

Кытай Иран аркылуу Өзбекстанга товар жеткире баштады

Өзбекстан менен Кытайдын ортосунда Ирандын аймагы аркылуу контейнердик поезд каттамы ишке киргизилди. Биринчи контейнердик поезд Кытайдын Сямынь портунан жөнөп кеткен, план боюнча Өзбекстанга кечээ 25-июнда жетмек.  Бул тууралуу “Узтемирйулконтейнер” ААКнын басма сөз кызматы кабарлады. “Биринчи контейнердик поезд Кытайдын Сямынь портунан Иран аркылуу Сергели станциясына жөнөтүлдү”, — деп айтылат билдирүүдө. Тиричилик техникалары салынган контейнерлер Кытайдан деңиз аркылуу Ирандын Бандар-Аббас портуна жеткирилет. Андан соң портто контейнерлер темир жол платформаларына жүктөлүп, поезд Түркмөнстандын аймагы аркылуу Өзбекстанга темир жол…

Прочитайте больше

Эмне үчүн өлкөлөр доллардан баш тартып, кытай юанына өтүп жатышат? Эксперттин пикири

Эмне үчүн өлкөлөр доллардан баш тартып, кытай юанына өтүп жатышат? Эксперттин пикири

Дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрү доллардан баш тартып, улуттук валюталар менен эсептешүүгө өтө башташты. Бул тууралуу Эл аралык Валюта Фондундагы Россиянын өкүлү Алексей Можин билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Америка Кошмо Штаттары мындай кырдалды өздөрү түзүп, дүйнө долларга альтернатива издей баштоого аргасыз болду. Ал дүйнө барган сайын башка улуттук валюталарды, биринчи кезекте кытай юанын көбүрөөк колдонуп жатканын белгиледи.Можин учурда Сауд Аравия, Иран жана Бразилия тышкы сооданы юань менен жүргүзүп жатканын, бул валютадагы операциялар Кытай менен да, үчүнчү өлкөлөр менен да жүргүзүлүп…

Прочитайте больше

2050-жылы 1,3 миллиард адам кант диабети менен оорушу мүмкүн

2050-жылы 1,3 миллиард адам кант диабети менен оорушу мүмкүн

2050-жылы 1,3 миллиард адам кант диабети менен оорушу мүмкүн деп болжолдонууда. “The Guardian” гезитинин кабарына караганда, жаңы изилдөө 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча 529 миллион адамды жабыркаткан кант диабетинин глобалдык масштабда күчөп 2050-жылы 1,3 миллиард кишиге таасир этээрин көрсөтүүдө. 30 жылдан кийин эч бир өлкөдө кант диабети менен ооругандардын санынын азайбай турганын болжолдогон изилдөө, семирүү жана саламаттыкты сактоо кызматтарына жетүүдө теңсиздиктин себебинен оорулардын эки эсе көбөйүшү мүмкүн экенин баса белгиледи. “The Lancet” журналында жарыяланган изилдөөнүн авторлору,…

Прочитайте больше

Германия Кыргызстан менен энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тажрыйба алмашууга даяр

Германия Кыргызстан менен энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тажрыйба алмашууга даяр

Германия мындан ары да Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тажрыйба алмашууга даяр. Кыргызстанда бул үчүн абдан жакшы шарттар бар. Бул тууралуу Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда билдирди. Бүгүн президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сүйлөшүүлөрү болду. Анын жүрүшүндө өлкө лидерлери кыргыз-герман эки жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин, ошондой эле бардык тармактардагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин…

Прочитайте больше

АКШда лабораторияда өстүрүлгөн тоок этин сатууга уруксат берилди

АКШда лабораторияда өстүрүлгөн тоок этин сатууга уруксат берилди

АКШнын Айыл чарба министрлиги жана азык-түлүктүн жана дарылардын сапатын көзөмөлдөөчү санитардык башкармалыгы (FDA) лабораторияда өндүрүлгөн жасалма тоок этин даярдоо жана сатууга уруксат беришти.  Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды. Лабораторияда тирүү канаттуулардын клеткаларынан өстүрүлгөн тоок этин сатууга уруксатты Калифорниядагы эки компания алды: Upside Foods жана Good Meat. “Бул кадам жаныбарларга жасалган зыянды жоюуга жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга багытталган эт өндүрүүнүн жаңы доорун ачты”, деап жазды агенттик. Эки компания тең азык-түлүктүн жана дарылардын сапатын көзөмөлдөөчү…

Прочитайте больше

Түркиянын кийинки президенти ким болот?

Түркиянын кийинки президенти ким болот?

Түркиядагы кезектеги президенттик шайлоодо кайрадан учурдагы мамлекет башчы Режеп Тайип Эрдоган жеңишке жетишти. Консервативдүү саясатчы өлкөнү 20 жылдан бери башкарууда, алгач – премьер-министр катары, андан соң – президент. Бирок Эрдоган азыр жаш эмес: азыр 69да, ал эми президенттик мөөнөтү бүткөндө 74кө толот экен.  Жергиликтүү ММКнын маалыматы боюнча, түрк лидери эми мураскору тууралуу ойлоно баштады, талапкерлердин арасында бир ысым башкалардан көбүрөөк айтылууда — Сельчук Байрактар. 43 жаштагы ишкер Эрдогандын кичүү кызына үйлөнгөн жана бүгүнкү күндө Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан…

Прочитайте больше

Зуль-Хижжа айы кирди. Бул айды кантип өткөрүү керек?

Зуль-Хижжа айы кирди. Бул айды кантип өткөрүү керек?

Ислам дининде тыюу салынган 4 ай бар. Бул айларда жакшы иш жасаса, башка айларга караганда көбүрөөк сооп берилет; ал эми күнөө иш жасаса, башка убакытка караганда жазасы оор болот. Тыюу салынган айлардын бири Зуль-Хижжа кечээ кирип келди. Бул айда мусулмандар ажылык милдетин аткарышат. Зуль-Хижжа айынын алгачкы 10 күнү ыйык жана берекелүү күндөр болуп саналат. Аллах Таала бул 10 күн менен ант берген. Аллах улуу нерселер менен гана ант берет.“Таңга Ант! Он түнгө ант! (Куран, 89:1–2)….

Прочитайте больше

Гутерреш Израилдин жаңы отурукташуу жери тууралуу чечимине каршылык көрсөттү

Гутерреш Израилдин жаңы отурукташуу жери тууралуу чечимине каршылык көрсөттү

Оккупацияланган Палестина аймактарында мыйзамсыз конуштарды курууну уланткан Израиль чоң еврей конушун курууну пландап жатат. БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Изриалге «бардык отурукташуу жерлерине байланыштуу аракеттерин чукул түрдө токтотууга» чакырды. БУУнун басма сөз катчысынан темага байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасалды. Гутерреш Израилдин басып алган Батыш Шериада 4 миңден ашуун жаңы конуш куруу пландарынан «терең тынчсыздангандыгын», бул пландын Израилдин отурукташуу иш-аракеттерин ылдамдата тургандыгын айтты. Отурукташуу жерлеринин эл аралык мыйзамдын ачык түрдө бузулушу экендигин баса белгилеген Гутерреш ошол…

Прочитайте больше

Казакстан менен Германиянын президенттери жолукту. Эмне кеп болду

Казакстан менен Германиянын президенттери жолукту. Эмне кеп болду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев республикага мамлекеттик сапар менен келген Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолукту. Штайнмайер Токаевдин чакыруусу менен бир күн мурда келген. Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Казакстан менен Германиянын президенттери Каспий аралык эл аралык транспорттук маршрутун өнүктүрүүнүн алкагында, ошондой эле мунай жана газ тармагында кызматташууну активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, деп билдирет казак президентинин маалымат кызматы.Мындан тышкары, президенттер казак-герман стратегиялык өнөктөштүгүнүн абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Тараптар саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-логистикалык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурушту. ”…

Прочитайте больше

Россия ТИМи: Америкалыктар Сириядагы ички жаңжалды чечүүгө кызыкдар эмес

Россия ТИМи: Америкалыктар Сириядагы ички жаңжалды чечүүгө кызыкдар эмес

Америкалыктар Сириядагы ички чыр-чатакты чечүүгө кызыкдар эмес, деп билдирди Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов. Бул туурасында ал  Казакстандын борборунда Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Астана форматындагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында билдирди. Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Астана форматындагы сүйлөшүүлөр бүгүн, 20-июнда Россия менен Сирия өкмөтүнүн делегацияларынын жолугушуусу менен башталды. Бул мындай форматтагы сүйлөшүүлөрдүн 20-раунду. Россия тараптан Россиянын президентинин эки атайын өкүлү – Александр Лаврентьев жана Тышкы иштер министринин орун басары да болгон Михаил Богданов катышууда. “Америкалыктар ал жерде өздөрүнүн…

Прочитайте больше

Россия тактикалык өзөктүк курал колдонсо, ал АКШ Хиросимага таштаган бомбадан үч эсе жогору болот

Россия тактикалык өзөктүк курал колдонсо, ал АКШ Хиросимага таштаган бомбадан үч эсе жогору болот

АКШнын президенти Жо Байден орус мамлекет башчысы Владимир Путиндин Украинадагы согуштун жүрүшүндө тактикалык өзөктүк курал колдонууга буйрук берүү боюнча коркутуусун “реалдуу” деп атады. Байден бул тууралуу дүйшөмбү күнү өзүнүн шайлоо өнөктүгүнүн демөөрчүлөрү менен Калифорния штатында жолукканда айтканын Reuters агенттиги жазды. “Эки жыл мурда Колорадо дарыясы соолуп калышы мүмкүн деп айтканымда баары тең мени таңыркап карашкан. Путин тактикалык өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенин айтканда да мага ошондой карашты. Бирок бул реалдуу”, – деди Байден. Акыркы бир жылдын ичинде АКШнын түштүк-батышы…

Прочитайте больше

Борбор Азиядагы суу көйгөйү жана аны чечүү жолдору, келечеги кандай болот?

Борбор Азиядагы суу көйгөйү жана аны чечүү жолдору, келечеги кандай болот?

Борбор Азияны бириктирген да, ажыратып, ажырымга алып келе турган да – бул суу болуп саналат. Бул чөлкөмдө мөңгүлөрдө чоң суу запастары болгону менен жылдар өткөн сайын бул чөлкөмдө суу көйгөйү негизги маселеге айланып баратат. Анын үстүнө Советтер мезгилинде суу эле эмес, газ менен мунай сыяктуу жаратылыш ресурстарын ортодо колдонуп келген Борбор Азия, эми анын баары союз тарагандан кийин таптакыр өзгөрдү. Башкача айтканда, жаңыдан куралган мамлекеттер жаратылыш байлыктарын өз ара эркин бөлүшпөй калышты. Союз учурунда Борбор…

Прочитайте больше
1 2