Эмне үчүн өлкөлөр доллардан баш тартып, кытай юанына өтүп жатышат? Эксперттин пикири

Дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрү доллардан баш тартып, улуттук валюталар менен эсептешүүгө өтө башташты.

Бул тууралуу Эл аралык Валюта Фондундагы Россиянын өкүлү Алексей Можин билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, Америка Кошмо Штаттары мындай кырдалды өздөрү түзүп, дүйнө долларга альтернатива издей баштоого аргасыз болду.

Ал дүйнө барган сайын башка улуттук валюталарды, биринчи кезекте кытай юанын көбүрөөк колдонуп жатканын белгиледи.Можин учурда Сауд Аравия, Иран жана Бразилия тышкы сооданы юань менен жүргүзүп жатканын, бул валютадагы операциялар Кытай менен да, үчүнчү өлкөлөр менен да жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Эксперт Штаттар доллардын тагдырына тынчсызданып жатканын баса белгиледи.

“Бул бир учурда болуп жатпаганы түшүнүктүү, бирок процесс башталды”, – деди Можин.Можиндин пикиринде, доллардын дүйнөлүк экономикада резервдик валюта катары ойногон ролунун негизги фактору альтернативалардын жоктугу болгон.”Албетте, бул жалгыз фактор эмес. Американын аскердик күчү да маанилүү, ал валютаны коргойт. Американын экономикасынын көлөмү, каржы сектору дагы факторлор болуп саналат, бирок баары бир негизгиси жөн гана альтернативалардын жоктугунда”, – деди эксперт.

Мындан тышкары, ал доллар – “бир өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын, экономикалык жана финансылык милдеттенмелерин аткаруу максатында” чыгарылган улуттук валюта экенин, анын дүйнөдө мынчалык кеңири колдонулушу  туура эмес экенин кошумчалады.

Комментарий жиберүү