Кытай Иран аркылуу Өзбекстанга товар жеткире баштады

Өзбекстан менен Кытайдын ортосунда Ирандын аймагы аркылуу контейнердик поезд каттамы ишке киргизилди.

Биринчи контейнердик поезд Кытайдын Сямынь портунан жөнөп кеткен, план боюнча Өзбекстанга кечээ 25-июнда жетмек.  Бул тууралуу “Узтемирйулконтейнер” ААКнын басма сөз кызматы кабарлады.

“Биринчи контейнердик поезд Кытайдын Сямынь портунан Иран аркылуу Сергели станциясына жөнөтүлдү”, — деп айтылат билдирүүдө.

Тиричилик техникалары салынган контейнерлер Кытайдан деңиз аркылуу Ирандын Бандар-Аббас портуна жеткирилет. Андан соң портто контейнерлер темир жол платформаларына жүктөлүп, поезд Түркмөнстандын аймагы аркылуу Өзбекстанга темир жол аркылуу келет.

Жаңы каттамдагы жол 14 күнгө созулат. Маалым болгондой 39 контейнерден турган маршруттук поезд тиричилик техникаларын: муздаткыч, кир жуугуч машина жана газ плиталарын ташып келди.

Эске салсак, буга чейин Өзбекстан менен Иран Түркмөнстан аркылуу мультимодалдык коридорду өнүктүрүү боюнча макулдашышкан.

Комментарий жиберүү