Биз көргөн Иран. Видео

Биз көргөн Иран. Видео

 Иран дегенде көпчүлүк санкциянын алдында жашаган, өнүкпөгөн, аялдардын укугу корголбогон, коопту өлкө деп ойлошот… Бул жолу кыргызстандык тележурналисттер Иранга таанышуу сапары менен барып, ал өлкөнүн заманбап жашоосун көрүп келди. Иран Ислам Республикасына таанышуу иш сапары менен Кыргызстандан 21 адам барган. Пресс-турду “Fars News” агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү (“Eurasia Today” агенттиги) уюштурду. Сапардын максаты – Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук жана маданий байланыштарды чыңдоо, таанышуу, өз ара маалымат жана тажрыйба алмашуу. Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөгө болгон сапардын…

Прочитайте больше

Иран аялдары оор жумушта иштебейт экен, анткени эркектери буга жол бербейт

Иран аялдары оор жумушта иштебейт экен, анткени эркектери буга жол бербейт

 “Умма” ислам журналынын журналисти Апышова Кундуз мурда Иранды өнүкпөгөн, эркиндик жок, мээ какшыткан ысык, кумдуу чөл, аялдары капкара кийинип жүрөт деп элестетип жүргөн. Бирок ал жакында бул өлкөгө баргандан кийин мындай ою таптакыр өзгөрдү. Бул тууралуу ал биз менен болгон маегинде айтып берди. Кундуз, жакында Ирандын алдыңкы “Fars News” маалымат агенттигинин чакыруусу менен Кыргызстандын 21 кишиден турган тележурналисттер делегациясы менен бирге Ислам республикасына таанышуу иш сапары менен барып келген. Ал Батыш ММКлары Иран тууралуу туура эмес маалыматтарды таратып жүргөндүгүнө ынанганын…

Прочитайте больше

Ашура күнү абдан маанилүү окуялар болуп өткөн.

Ашура күнү абдан маанилүү окуялар болуп өткөн.

Ошондуктан бул күнгө өзгөчө мамиле кылууга тийишпиз. Ашура күнү кандай окуялар болгондугун алдыда биле аласыз: • Аалам, периштелер жана Адам (а.с) жаратылган. • Адам (а.с) тобосу кабыл кылынган. • Муса пайгамбар (а.с) жана анын эли фараондун эзүүсүнөн кутулушкан. Заалым фараон кыйроого учураган. • Ибрахим пайгамбар (а.с) төрөлгөн жана Намруддун отунан сак-саламат чыгарылган. • Аюб пайгамбар (а.с) катуу оорудан айыгып, азаптардан куткарылган. • Юнус пайгамбар (а.с) киттин ашказанынан аман-эсен чыгарылган. • Сулайман пайгамбарга (а.с) өкүмдарлык тартууланган….

Прочитайте больше

«Россия-Африка» саммитинин биринчи күнү. Кол коюлган келишимдер

«Россия-Африка» саммитинин биринчи күнү. Кол коюлган келишимдер

 Санкт-Петербургда Россиы-Африка саммити өтүп жатат. Батыштын кысымына карабай, ага Африка өлкөлөрүнөн 17 мамлекет башчы катышууда. Дээрлик бардык Африка мамлекеттеринин лидерлери менен өкүлдөрүн чогулткан саммит кечээ, 27-июлда ачылып, бүгүн, 28-июлда жыйынтыкталат. Биринчи Россия-Африка саммити 2019-жылдын 23-24-октябрында Сочиде “Тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн” урааны астында өткөн. Анда Африканын бардык 54 өлкөсүнүн расмий өкүлдөрү чогулушкан, алардын ичинен 45и мамлекет жана өкмөт башчылары болгон. Биринчи саммитте Россия менен Африка өлкөлөрү 800 миллиард рублдан ашык суммага 50дөн ашык келишимге кол…

Прочитайте больше

Токаев Европадагы Куранды өрттөө актылары боюнча пикирин билдирди

Токаев Европадагы Куранды өрттөө актылары боюнча пикирин билдирди

 Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түндүк Европанын бир катар мамлекеттеринде Курандын өрттөлүшүн азыркы дүйнөдөгү чыңалууну күчөтүүгө, элдердин жана мамлекеттердин ортосундагы ишенимди бузууга багытталган жол берилгис провокация деп эсептейт. Бул тууралуу Акордадан кабарлашты. “Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинин демилгечиси болгон республикада түрдүү конфессиялардын өкүлдөрү тынчтыкта ​​жана бири-бирин урматтап жашашат. Съезд салттуу диндердин жана конфессиялардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн натыйжалуу жана жемиштүү диалогу үчүн аянтча болуп калды”, – деп айтылат билдирүүдө. Токаевдин айтымында, диний вандализм жана тиешелүү мамлекеттердин жарандарынын жоопкерчиликсиз жүрүм-турумунун көбөйүшү мамлекеттер…

Прочитайте больше

Ливиянын ТИМ башчысы 13 жылдан бери биринчи жолу Иранга барды

Ливиянын ТИМ башчысы 13 жылдан бери биринчи жолу Иранга барды

 Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан Ливиянын тышкы иштер министри Нажла Манкушту Тегеранда кабыл алды. Ал Иранга 13 жылдан бери биринчи жолу келди, деп билдирет Fars News агенттиги. Манкуш Тегеранга ирандык кесиптешинин чакыруусу менен келген. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Абдоллахиан Ирандын Ливия менен мамилесин кеңейтүүгө, анын ичинде он эки жылдык жарандык кагылышуулардан кийин өлкөнү кайра курууга керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.Министрлер ошондой эле Ливиянын Ирандагы дипломатиялык миссиясынын элчи деңгээлине көтөрүлүшүнө канааттангандыктарын билдиришип, мамлекеттер ортосундагы кеме аркылуу жүк ташуу линиясынын…

Прочитайте больше

Израилде соттук реформага каршылык иретинде гезиттердин башкы беттери кара түскө боёлуп чыгарылды

Израилде соттук реформага каршылык иретинде гезиттердин башкы беттери кара түскө боёлуп чыгарылды

 Израилдин ири гезиттери өлкөдөгү соттук реформага каршылык иретинде башкы беттерин кара түскө боёп, “Израиль демократиясы үчүн аза күтүү күнү” деген жазуулар менен чыкты. 24-июль күнү кечинде Израилдин парламенти – Кнессет өлкөдө жапырт нааразылык жараткан сот реформасына байланыштуу биринчи мыйзам долбоорун жактырган. Ал Жогорку Соттун өкмөт чыгарган чечимдерди жокко чыгаруу укугун чектейт. Израиль мамлекетинин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Германияга барган Жогорку соттун төрагасы Эстер Хают баштаган судьялар аталган мыйзамга каршы жазылган доо арыздарды кароо…

Прочитайте больше

Ушул жылдын башынан бери 180 палестиналык шейит болду

Ушул жылдын башынан бери 180 палестиналык шейит болду

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги ушул жылдын башынан бери 180 палестиналык сионисттер тарабынан шейит болгонун жарыялады.  Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги (Палестинанын автономиясына караштуу) бүгүн (шаршемби) ушул жылдын башынан бери (2023-жылы) 180 палестиналык шейит болуп, 5871 киши жарадар болгонун жарыялады. Shahab News сайтынын маалыматына ылайык, билдирүүдө ошондой эле 180 шейиттин 31и 18ге чыга элек, сегизи карылар экени айтылат.  Буга байланыштуу Палестина маалымат борборунун (Маати) интернет сайты да дүйшөмбү күнү жарыя кылып, сионисттер быйыл…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик чекарасындагы чыр боюнча териштирүү башталды

Кыргыз-тажик чекарасындагы чыр боюнча териштирүү башталды

 Кыргызстандын Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы 24-июлда саат 23:30дар чамасында билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, “жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында эки тараптан тең чыр-чатакка тиешеси бар жарандар аныкталып, териштирүү иштери башталды”. “24-июлда кечке маал кыргыз-тажик чек арасында катталган чатак боюнча жеринде Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушуп, коомдук коопсуздукту камсыздоо макулдашылган”, – деп жазылган маалыматта. Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук…

Прочитайте больше

Россияда «жыныс алмаштырууга» тыюу салынды. Путин мыйзамга кол койду

Россияда «жыныс алмаштырууга» тыюу салынды. Путин мыйзамга кол койду

 Россия президенти Владимир Путин өлкөдө жыныс алмаштырууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Документ укуктук маалыматтар расмий порталында жарыяланды. Документке ылайык, Россияда трансгендердик өткөөл мезгилдин алкагында операция жана гормоналдык терапияга тыюу салынат. “Балдардын жыныстык түзүлүшүнүн тубаса физиологиялык мүчүлүштүгүн дарылоого” гана уруксат берилет. Мыйзам гендердик маркерди алмаштырууга тыюу салат, бул – чет өлкөлөрдө да операция жасатууга болбойт дегенди билдирет. Мыйзам күчүнө киргенден баштап трансгендерлерге бала асырап алууга тыюу салынат. Түгөйлөрдүн бири жынысын алмаштырса никеси жокко чыгат. Мыйзам жарыяланган күндөн…

Прочитайте больше

Израилде сот реформасы тууралуу талаштуу мыйзам жактырылгандан кийин демонстарциялар күч алды

Израилде сот реформасы тууралуу талаштуу мыйзам жактырылгандан кийин демонстарциялар күч алды

Мыйзамдын кабыл алынышы Израилдин сот системасында сот реформасы башталгандан берки биринчи чоң өзгөрүүнү билдирет. Мыйзам долбоору бүткүл оппозиция добуш берүүгө бойкот жарыялаганына жана коомчулуктун каршы болгондугуна карабай кабыл алынды, бул Израилдин саясий турмушунда болуп көрбөгөндөй окуя болду. Документке 120 орундуу парламенттеги башкаруучу коалициянын 64 депутаты добуш берди. Сот реформасына каршы чыккандар өлкөнүн ар кайсы аймактарында, анын ичинде борбор шаары Тель-Авивде массалык нааразылык акцияларына чыгышты. Массалык нааразылык акцияларынын фонунда сот реформасынын башкы идеологу, Израилдин премьер-министри Биньямин…

Прочитайте больше

Н. Назарбаевден мамлекеттик күзөт кызматы алынат

Н. Назарбаевден мамлекеттик күзөт кызматы алынат

 Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 4-августан тартып Нурсултан Назарбаевден мамлекеттик күзөт кызматын алуу тууралуу буйрукка кол койду. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон  буйрукка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4-августунан тартып Казакстандын Мамлекеттик күзөт кызматы өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин коопсуздугун камсыз кылбайт. Бул тууралуу  «Интерфакс» билдирди. Ошол эле учурда Казакстандын экс-мамлекет башчсынын кол тийбестиги сакталып кала берет. Мындан тышкары Н. Назарбаевге квартира, тейлөөсү менен кошо мамлекеттик дача, жеке күзөт, айдоочусу менен кошо автомашина жана медициналык тейлөө кызматтары берилет. Мындай чечим 2023-жылы…

Прочитайте больше

Түркиянын үч провинциясында токойлорду өрт каптады. Видео

Түркиянын үч провинциясында токойлорду өрт каптады. Видео

 Түркиянын Анталия, Маниса жана Кахраманмараш провинцияларында токой өрттөнүүдө. Түрк бийликтери 25-июлга караган түнү токой өрттөрүн өчүрүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирди. “Анталия провинциясынын Каш, Кемер жана Ташаыл райондорунда, ошондой эле Маниса провинциясынын Саруханлы  жана Кахраманмараш провинциясынын Дулкадироглу айылдарында (түштүк-чыгышта – ред.) токой өрттөрүн өчүрүүнү улантып жатабыз”, – деп билдирди Түркиянын Токой чарба башкы башкармалыгы Твиттердеги билдирүүсүндө. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган дүйшөмбү күнү жарандарды токойлорго кылдаттык менен мамиле кылууга жана токойлорго жакын жерде өрт булагына жол бербөөгө чакырды.Токойдогу…

Прочитайте больше

Кымындай ыйман деген эмне?

Кымындай ыйман деген эмне?

Суроо: Бир да жакшылыгы жана ибадаты жок болгон, күнөөлөргө баткан бир адам чын жүрөктөн калима-и шахадатты айтса жана ошол абалда өлсө Бейишке киреби?  ЖООП: Күнөөлөргө батып, ибадаттан алыс адамдын ыйман менен өлүүсү өтө кыйын. Эгер ыйман менен өлө алса гана күнөөлөрүнүн жазасын тарткандан кийин кийин сөзсүз Бейишке барат.  Ибадат менен жакшылыкты төмөнсүнтпөө керек. Биз жөнөкөй деп ойлогон бир жакшылык кутулушубузга себеп болушу мүмкүн. Бир хадиси шарифтин мааниси да төмөнкүчө: “Өмүрүндө бир да жолу жакшылык кылбаган бир мусулман [башка…

Прочитайте больше

Лавров Кыргызстандын тил мыйзамы тууралуу эмне деди? (видео)

Лавров Кыргызстандын тил мыйзамы тууралуу эмне деди? (видео)

 Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда жакында эле кабыл алынган кыргыз тили жөнүндө мыйзамга байланыштуу пикирин билдиргени 23-июлда белгилүү болду. Орусия ТИМинин маалыматына караганда, Лавров бул тууралуу 19-июлда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушканда айткан. Ал “Орусиядагы кырдаал боюнча объективдүү маалымат жеткирүүгө, орус тилин, маданиятын, чет мамлекетте атамекендик билимди илгерилетүүгө аракет кылуу зарылдыгы турганын белгилеп, азыр КМШда оңой эмес процесстер болуп жатканына” токтолгон. “Борбор Азияда мыйзамдарды жигердүү сүрөп жатышат. Кыргызстанда бир канча ай мурда мыйзам кабыл…

Прочитайте больше
1 2 3 4