Садыр Жапаров Жиддадагы саммитте Афганистан, Сирия, Украинада болуп жаткан окуялар тууралуу сөз кылды

Садыр Жапаров Жиддадагы саммитте Афганистан, Сирия, Украинада болуп жаткан окуялар тууралуу сөз кылды

 Афганистандагы кырдаал бизди өзгөчө тынчсыздандырат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда, Жидда шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин” биринчи Саммитинде билдирди. “Афганистандагы кырдаал бизди өзгөчө тынчсыздандырат. Биз Афганистанды жана көптөн бери азап чеккен афган элин эл аралык коомчулук обочолонтуп калтырбашы керек деп эсептейбиз. Афганистандын элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу жана афган экономикасын калыбына келтирүүгө салым кошо турган долбоорлорду ар тараптуу колдоо зарыл”, – деп билдирди мамлекет башчысы. Анын айтымында,…

Прочитайте больше

Калпак кийген Иран ТИМинин маалымат катчысы. Кыргызстандык журналисттер Ирандын тышкы иштер министрлигинде болушту. Сүрөт

Калпак кийген Иран ТИМинин маалымат катчысы. Кыргызстандык журналисттер Ирандын тышкы иштер министрлигинде болушту. Сүрөт

 Иранга сегиз күндүк пресс-тур менен барган Кыргызстандын тележурналисттери Тегеран шаарында Тышкы иштер министрлигинин кеңсесинде болушту. Аларды ТИМдин расмий өкүлү Насер Канаани кабыл алды. Кыргызстандын тележурналисттеринен турган делегация Иранга 11-июлда таанышуу сапары менен барган. Алардын катарында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев, УТРК, ЭлТР, Ош ТВ, НТС, Нур ТВ, Жалал-Абад ТВ, Баткен ТВ, Азия ТВ, “Кабар” агенттиги, “Умма” ислам-журналынын жетекчилери жана журналисттери бар. Делегациянын катарында эки күндүк иш сапары менен Маданият,…

Прочитайте больше

Ирак Куранды өрттөө акциясына байланыштуу Швециянын элчисин өлкөдөн чыгарат

Ирак Куранды өрттөө акциясына байланыштуу Швециянын элчисин өлкөдөн чыгарат

 Ирактын премьер-министри Мохаммед Шиа ал-Судани Швеция бийлигинин Куранды өрттөө акциясына бир нече жолу уруксат бергендигине жооп катары Швециянын Багдаддагы элчисинен өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылып, Стокгольмдагы убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакыртып алуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ирактын премьер-министринин кеңсесинен билдиришкенин РИА Новости жазды. Буга чейин маалымат каражаттары жүздөгөн демонстранттар бейшемби күнү эртең менен Швециянын Багдаддагы элчилигине бастырып кирип, аны өрттөп жиберишкенин кабарлашкан. Элчиликтин кызматкерлеринен эч ким жабыркаган эмес. Демонстрация Швецияда күтүлүп жаткан Куранды өрттөө акциясын утурлай уюштурулган….

Прочитайте больше

АКШ кыргызстандык төрт компанияга санкция салды

АКШ кыргызстандык төрт компанияга санкция салды

 АКШнын Каржы министрлиги төрт кыргыз компаниясына санкция салды. Бул туурасында ведомствонун расмий сайтында айтылат. Вашингтондун билдирүүсү боюнча бул компаниялардын Россияга санкцияга кабылган товарларды ташууга катыштыгы бар болгон. 20-июлда жарыяланган маалыматка ылайык, АКШнын кара тизмесине Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компаниялары киргизилди. Мындан тышкары, бул тизмеде аталган компаниялардын товар алып турган россиялык ишканалар да (“Базис Трейд Прософт”, “Радиотехснаб”, “Регион-проф”, “Технологии, системы и комплексы”, “СиАйСи”) кирди. The Washington Post басылмасы 18-июлда АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга…

Прочитайте больше