Гаитиде 3 миллион бала гуманитардык жардамга муктаж

Гаитиде 3 миллион бала гуманитардык жардамга муктаж

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан жасалган билдирүүдө борбор шаар Порт-о-Пренс жана айланасында жайылган «бандалык зомбулукта» балдардын түздөн-түз бутага алынганы белгиленди. Гаитиде 3 миллионго жакын бала “бандалык зомбулуктан” улам гуманитардык жардамга муктаж. Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан жасалган билдирүүдө борбор шаар Порт-о-Пренс жана айланасында жайылган «бандалык зомбулукта» балдардын түздөн-түз бутага алынганы белгиленди. Билдирүүдө балдардын мектепке бара жатканда каза болгонуна же жараланганына, аялдар менен кыздардын да сексуалдык зомбулукка кабылганына көңүл бурулду. Билдирүүдө балдардын…

Прочитайте больше

2027-жылдан тартып желим баштыктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат

2027-жылдан тартып желим баштыктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат

«Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды. 15-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында  «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” жана “Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү  кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору каралды. Бул тууралуу Парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Жыйында демилгечи депутат Марлен Маматалиев маалымат берип, мыйзам долбоорлору полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Тагыраагы, мыйзам долбоорлору аркылуу Кыргыз Республикасында полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө…

Прочитайте больше

Кыргыз-Түрк достук ооруканасында органдарды трансплантациялоо боюнча операциялар жасала баштайт

Кыргыз-Түрк достук ооруканасында органдарды трансплантациялоо боюнча операциялар жасала баштайт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, анын жүрүшүндө Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын базасында ички органдарды трансплантациялоону уюштуруу маселеси каралды. Оорукананын жетекчилиги мекеме мындай операцияларды жасоого даяр экенин, бул үчүн керектүү ресурстар бар экенин маалымдады. “Үстүбүздөгү жылдын август айында органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операцияны өткөрүү пландалууда. Келечекте бул оорукана Борбор Азиядагы алдыңкы медициналык борбор болуп, ага башка өлкөлөрдүн муктаждыгы бар жарандары келе алышат”, – деп айтылат маалыматта. Мамлекет башчысы…

Прочитайте больше

Кыргызстанда Палестинанын элчилиги ачылышы мүмкүн

Кыргызстанда Палестинанын элчилиги ачылышы мүмкүн

Палестина Кыргызстанда өз элчилигин ачууга даяр. Бул туурасында Палестинанын президенти Махмуд Аббас Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Палестина эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Махмуд Аббас Кыргызстан Палестина үчүн боордош жана дос мамлекет экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин абдан чоң потенциалын эске алуу менен өнөктөштүктүн темпин күчөтүүнү кааларын билдирди. Ал Палестина тараптын Кыргызстанда өз элчилигин ачууга жана Палестинанын эл аралык кызматташуу агенттигин кыргыз тарап…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен жолукту

Садыр Жапаров Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен жолукту

Президент Садыр Жапаров  16-июнда, Пекин шаарынан (Кытай Эл Республикасы) мамлекеттик сапардан кийин, Кыргызстанга жол ара (кыска мөөнөттүү) сапар жасаган Палестина мамлекетинин президенти Махмуд Аббас менен жолугушту. Кыргыз-Палестина эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Садыр Жапаров баса белгилегендей, Кыргызстан боордош Палестина Мамлекети менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана ар кандай өз ара пайдалуу тармактарда кызматташууну чыңдоого кызыкдар. Эки элди жалпы тарыхый жана руханий достук байланыштар бириктирип турат. Ал Кыргызстандын эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө…

Прочитайте больше