Дүйнөнүн эң чоң экономикасы АКШнын кызматкерлердин  укуктары жагынан артта калгандыгы белгиленди

Дүйнөнүн эң чоң экономикасы АКШнын кызматкерлердин  укуктары жагынан артта калгандыгы белгиленди

Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмуна (OECD) мүчө өлкөлөрдүн эмгек саясатын салыштырган Oxfam America уюмунун отчетуна ылайык, АКШ “кызматкерлер эң аз бааланган” өлкөлөрдүн бири болду. Дүйнөнүн эң чоң экономикасы АКШнын кызматкерлердин  укуктары жагынан артта калгандыгы белгиленди. Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмуна (OECD) мүчө өлкөлөрдүн эмгек саясатын салыштырган Oxfam America уюмунун отчетуна ылайык, АКШ “кызматкерлер эң аз бааланган” өлкөлөрдүн бири болду.  Отчетто эркин базар экономикасына кирген 38 демократиялык өлкө “эмгек акы саясаты”, “кызматкерлерди коргоо” жана “уюштуруу укугу” жагынан…

Прочитайте больше

Сизди ак ниет дос катары билебиз. Садыр Жапаров Си Цзиньпинди куттуктады

Сизди ак ниет дос катары билебиз. Садыр Жапаров Си Цзиньпинди куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. “Туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сиздин турмуштук тажрыйбаңыз жана талыкпас эмгегиңиздин негизинде Кытай Эл Республикасы гүлдөп-өнүгүү жолуна ишенимдүү багыт алууда. Биз Сиздин эркиңизге жана алдыга койгон максатка жетүүдөгү чечкиндүүлүгүңүзгө суктанабыз. Кыргызстан Сизди кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө зор күч-аракет жумшап жаткан ак ниет дос катары билет. Кытай Эл…

Прочитайте больше

Кыргызстандан ЕАЭБ жана башка өлкөлөргө сүт экспорту 2,5 эсеге көбөйгөн

Кыргызстандан ЕАЭБ жана башка өлкөлөргө сүт экспорту 2,5 эсеге көбөйгөн

Министрлер Кабинетинде өлкөбүздүн фермерлери өндүргөн  сүт жана сүт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу маселеси талкууланды. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү сүт өндүрүүчү ишканалардын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда сүт жана сүт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу боюнча жыйын өткөрдү.  8 тонна сүт эмнеге дарыяга агызылды? Жыйынга катышкан Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарындагы сүт өндүрүүчү ишканаларынын өкүлдөрү сүт өндүрүмүн жакшыртуу үчүн мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдетилген насыянын көлөмүн жогорулатуу, ошондой эле сүт азыктарын экспорттоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачуу маселелерин…

Прочитайте больше

Россия ТИМи: Эгер АКШ Киевге ураны бар куралдарды жеткирсе, украин даны булганат

Россия ТИМи: Эгер АКШ Киевге ураны бар куралдарды жеткирсе, украин даны булганат

Эгер АКШ Киев режимине курамында кемитилген ураны бар танктын снаряддарын жеткирсе, ал экологиялык абалга зыян келтирип, украин даны булганат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова РИА Новостиге берген маегинде билдирди. Буга чейин Ак үй Украинага курамында кемитилген ураны бар танктын снаряддарын берүүнү жактырганы жатканын америкалык аткаминерлерге шилтеме берүү менен Wall Street Journal басылмасы жазган. “Америка Кошмо Штаттары үчүн бул такыр эле көйгөй эмес окшойт. Алар муну көйгөй катары көрүшпөйт, анткени алар башка континентте…

Прочитайте больше

Грецияда кеме чөгүп, 80ге жакын мигрант каза таап, 100дөн ашууну табылбай жатат

Грецияда кеме чөгүп, 80ге жакын мигрант каза таап, 100дөн ашууну табылбай жатат

Грецияда кеминде 80 мигранттын өмүрүн алган балык уулоочу кеменин кыйрашынан кийин издөө иштери уланууда. Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 104 адам куткарылып, жүздөгөн киши дайынсыз болууда. Ливиядан Италияга багыт алган кеме кечээ, 14-июнда эртең менен Ион деңизинин эл аралык сууларында жээкке жакын жерде оодарылып кеткен. Грециялык ERT телеканалынын малыматы боюнча “Андриана” балык уулоочу кемесинин бортунда Ооганстан, Пакистан, Сирия жана Палестинадан келген 500дөн 700гө чейин мыйзамсыз мигрант бар болгон болушу мүмкүн. Окуя болгон жерде Грециянын жээк кызматынын биргелешкен издөө…

Прочитайте больше

Кыргызстанда өндүрүлбөгөн дары-дармек чыгарыла турган завод курулат

Кыргызстанда өндүрүлбөгөн дары-дармек чыгарыла турган завод курулат

Кыргызстандын Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесине кирген жана өлкөдө өндүрүлбөгөн дары-дармек чыгарыла турган фармацевтикалык завод курулат. Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, Евразия экономикалык биримдигинин өндүрүш тажрыйбасынын талаптарына жооп берүүчү дары-дармек заводунан, лабораториялардан, окуу борборунан, кампалардан турган атайын фармацевтикалык комплекс куруу тууралуу макулдашууга кол коюлган. Мекеменин маалыматына караганда, Life Sciences индустриалдык паркынын инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу кыргыз өкмөтү менен нидерландиялык BioPharmax B.V. компаниясы ортосунда түзүлдү. Фармацевтикалык заводдо Кыргызстандын Жашоо үчүн маанилүү…

Прочитайте больше