Россия ТИМи: Эгер АКШ Киевге ураны бар куралдарды жеткирсе, украин даны булганат

Эгер АКШ Киев режимине курамында кемитилген ураны бар танктын снаряддарын жеткирсе, ал экологиялык абалга зыян келтирип, украин даны булганат.

Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

Буга чейин Ак үй Украинага курамында кемитилген ураны бар танктын снаряддарын берүүнү жактырганы жатканын америкалык аткаминерлерге шилтеме берүү менен Wall Street Journal басылмасы жазган.

“Америка Кошмо Штаттары үчүн бул такыр эле көйгөй эмес окшойт. Алар муну көйгөй катары көрүшпөйт, анткени алар башка континентте болгондуктан, согуштук аракеттерде колдонула турган радиоактивдүү заттардын жеткирилиши аларга таасир этпейт деп эсептешет”, – деди Захарова Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында.Ал кемитилген уран бардыгына, анын ичинде айлана-чөйрөгө да зыян келтирерин, мындай курал-жарактаржы жеткирүү жана колдонуу биринчи кезекте Украинада өндүрүлгөн азык-түлүккө таасирин тийгизерин белгилеп, булганган данды башка өлкөлөргө жөнөтүүгө болбой турганын билдирди.Белгилей кетсек, Украина дүйнөдөгү ири дан өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат. Өлкө негизинен жүгөрү, буудай жана арпанын  дүйнөлүк ири экспорттоочусу болуп саналат. 

Эске салсак, март айында Улуу Британия “Челленджер-2” танктары менен бирге Украинага курамында кемитилген ураны бар курал берүү ниети бар экенин жарыялаган. Россиянын президенти Владимир Путин бул демилге тууралуу айтып жатып, Батыш “Россия менен акыркы украиналыкка чейин сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө согушууга ниеттенип жаткандыгынан кабар берет” деп билдирген.

Ал эми Тышкы иштер министри Сергей Лавров эгер Британия Киевдин режимине мындай куралдарды жеткирсе анын аягы Лондон үчүн жаман болорун билдирген.

ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова мындай куралды колдонуу ошол аймакта жашап жаткандарга карата геноцид жасоо болуп саналарын билдирген. Ал уран кошулган куралдардын бул түрү жөнөкөй курал-жарактардан алда канча күчтүү жана адамдын ден соолугуна терс таасир этерин билдирип, андан куралды колдонгон адамдар дагы жабыркап, жер ууланып, анда жашаган муунга кесепетин тийгизерин баса белгилеген.

Комментарий жиберүү