Грецияда кеме чөгүп, 80ге жакын мигрант каза таап, 100дөн ашууну табылбай жатат

Грецияда кеминде 80 мигранттын өмүрүн алган балык уулоочу кеменин кыйрашынан кийин издөө иштери уланууда. Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 104 адам куткарылып, жүздөгөн киши дайынсыз болууда.

Ливиядан Италияга багыт алган кеме кечээ, 14-июнда эртең менен Ион деңизинин эл аралык сууларында жээкке жакын жерде оодарылып кеткен.

Грециялык ERT телеканалынын малыматы боюнча “Андриана” балык уулоочу кемесинин бортунда Ооганстан, Пакистан, Сирия жана Палестинадан келген 500дөн 700гө чейин мыйзамсыз мигрант бар болгон болушу мүмкүн.

Окуя болгон жерде Грециянын жээк кызматынын биргелешкен издөө жана куткаруу координациялык борборунун координациясында кеңири масштабдуу издөө-куткаруу операциясы жүрүүдө. 

Операцияга жээк кызматынын эки патрулдук жана бир куткаруучу кемеси, деңиз күчтөрүнүн фрегаты жана жети парустук кемеси, Frontex учкучсуз учактары тартылган.

Куткаруучулар аман калгандарды табуу мүмкүндү аз дешет. Суудан чыгарылган жүргүнчүлөрдүн куткаруучу жилеттери болгон эмес.

Грециянын бийлиги кырсыкты өлкөнүн тарыхындагы эң чоң трагедиялардын бири деп атап, каза болгондорго үч күндүк жалпы улуттук аза күтүү жарыялады.

Кырсыктын чоо-жайы

ERT телеканалынын маалыматына караганда, Грецияны бийликтегилери кеме менен спутниктик телефон аркылуу бир нече жолу байланышып, жардам сунушташкан, бирок алар Италияга баруудан башка эч нерсени каалабай тургандыгын айтып, жардамдан баш тартышкан. Бир нече сааттан кийин кемеден кыймылдаткыч иштебей калгандыгы тууралуу билдирүү келген. Андан көп өтпөй кеме оодарылып, 15 мүнөттө суу астына чөгүп кеткен. Андан кийин издөө иштери катуу шамалдан улам татаалдашкан.Куткарылган мигранттар Каламата шаарына жеткирилген.

Комментарий жиберүү