Кыргызстанда өндүрүлбөгөн дары-дармек чыгарыла турган завод курулат

Кыргызстандын Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесине кирген жана өлкөдө өндүрүлбөгөн дары-дармек чыгарыла турган фармацевтикалык завод курулат.

Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, Евразия экономикалык биримдигинин өндүрүш тажрыйбасынын талаптарына жооп берүүчү дары-дармек заводунан, лабораториялардан, окуу борборунан, кампалардан турган атайын фармацевтикалык комплекс куруу тууралуу макулдашууга кол коюлган.

Мекеменин маалыматына караганда, Life Sciences индустриалдык паркынын инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу кыргыз өкмөтү менен нидерландиялык BioPharmax B.V. компаниясы ортосунда түзүлдү.

Фармацевтикалык заводдо Кыргызстандын Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесине кирген жана Кыргызстанда өндүрүлбөгөн дары-дармек чыгарылат. Анын курулушу 2024-2028-жылдарга мерчемделүүдө.

Кыргызстанда дары-дармек негизинен сырттан ташылып келгендиктен көбүнүн баасы жогору.

Инсулиндин жетишсиздиги улам көйгөйгө айланып турат.

Кант диабетинен жабыркагандар үчүн инсулин тартыш болуп жатканы былтыр Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда кант диабети менен 60 миңдей адам расмий каттоодо турат. Чынында алар мындан үч-төрт эсе көп болушу ыктымал. Кант диабетинин биринчи тибине чалдыккан эки миңден ашык бала бар.

Белгилей кетсек, чет элдик BIOPHARMAX BV компаниясы 1977-жылдын 21-июнунда Нидерландиянын Амстердам шаарында негизделген. Компания Израилдеги BIOPHARMAX GROUP ЖЧКсынын башкы компаниясы болуп саналат. Негизги иши – курулуш долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

Компания 40 жылдан ашык убакыттан бери дүйнө жүзү боюнча фармацевтика тармагындагы лидерлерге кызмат кылып келет жана процесстерди жана технологияларды трансферттөө долбоорлорун иштеп чыгууда уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон.

Комментарий жиберүү