Кыргызстандан ЕАЭБ жана башка өлкөлөргө сүт экспорту 2,5 эсеге көбөйгөн

Министрлер Кабинетинде өлкөбүздүн фермерлери өндүргөн  сүт жана сүт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу маселеси талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү сүт өндүрүүчү ишканалардын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда сүт жана сүт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу боюнча жыйын өткөрдү. 

Жыйынга катышкан Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарындагы сүт өндүрүүчү ишканаларынын өкүлдөрү сүт өндүрүмүн жакшыртуу үчүн мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдетилген насыянын көлөмүн жогорулатуу, ошондой эле сүт азыктарын экспорттоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачуу маселелерин көтөрдү. 

Бул багытта МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “РСК банк” жана “Айыл банк” мамлекеттик банктарынын жетекчилерине сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатууга багытталган агроөнөр жай класстеринин алкагында жеңилдетилген насыя менен жеткиликтүү деңгээлде камсыздоону тапшырды. 

Ал эми Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын жетекчисинин ишин сынга алуу менен  ветеринардык көзөмөл боюнча  дыкат иш алып баруу тапшырмасын берди. 

Белгилей кетсек, статистикалык маалыматтар боюнча 2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен ЕАЭБ жана башка мамлекеттерге сүт азыктарын экспорттоо өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп болгон.

Комментарий жиберүү