«Азаттык» иши. Кыргыз бийлиги АКШны ички иштерге кийлигишпөөгө чакырды

«Азаттык» иши. Кыргыз бийлиги АКШны ички иштерге кийлигишпөөгө чакырды

 Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын жана бул өлкөнүн Мамлекеттик департаментинин “Азаттык” боюнча кайрылуусуна жообун жарыялады. Ал билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады.”Алар алыскы жакта болгондуктанбы, бул жактагы жагдайды жеринен толук билбей, так түшүнбөй билдирүү жасаганы көрүнүп турат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык” чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган.Андан соң аталган министрлик сот органдарына…

Прочитайте больше

HRW: Кыргыз жана тажик күчтөрүнүн былтыркы жаңжалдагы аракеттери «согуш кылмыштарына тете болушу мүмкүн»

HRW: Кыргыз жана тажик күчтөрүнүн былтыркы жаңжалдагы аракеттери «согуш кылмыштарына тете болушу мүмкүн»

 Эл аралык уюм кыргыз-тажик чек ара жаңжалына өз баасын берди. “Хьюман Райтс Уотч” (Human Rights Watch – HRW) эл аралык уюму жаңы баяндамасында былтыр сентябрда талаштуу чек арадагы 100дөн ашуун кишинин өмүрүн алган төрт күндүк жаңжал маалындагы кыргыз жана тажик күчтөрүнүн аракеттеринде “эки тараптан тең согуш мыйзамдарын олуттуу бузуу” болгон деп билдирди. 2-майда жарык көргөн баяндама – эки постсоветтик өлкөнүн чек ара талашынан тутанган жаңжалдагы эң кандуу окуя орун алгандан бери эл аралык беделдүү укук коргоо уюму…

Прочитайте больше

Тынчыбай жаткан Судандан 6 кыргызстандык эвакуацияланды

Тынчыбай жаткан Судандан 6 кыргызстандык эвакуацияланды

 Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Судандан алты кыргыз жараны эвакуацияланганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ТИМдин, Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчилиги жана Россиянын Хартум шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жардамы менен алты кыргыз жараны 2-майда Судандан Москвага жеткирилген. 3-майда алардын баары Москва- Бишкек каттамындагы учак менен Кыргызстанга жиберилди. Судандын баш калаасы Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген “Ыкчам колдоо күчтөрү” тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу 15-апрелден бери уланууда. Буга кезинде бири-бирин өнөктөш…

Прочитайте больше