Кыргызстан Швецияны Куранды өрттөөгө жол бербөөгө чакырды

Кыргызстан Швецияны Куранды өрттөөгө жол бербөөгө чакырды

 Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швециянын расмий органдарын элдин диний сезимдерине таасир эткен Куранды өрттөө боюнча акцияларга жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирди. Кулубаев кечээ, 31-июлунда швед тараптын демилгеси менен Швеция Королдугунун Тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. “Билльстрём Ыйык Курандын китебинин нускасынын өрттөлүшүнө байланыштуу кырдаал тууралуу кыскача маалымат берип, бул маселе боюнча Швеция өкмөтүнүн позициясын белгиледи. Өз кезегинде Министр Жээнбек Кулубаев Швециянын расмий органдары элдин диний сезимдерине таасир…

Прочитайте больше

Швеция парламентинин алдында кайрадан Куран өрттөлдү

Швеция парламентинин алдында кайрадан Куран өрттөлдү

 Ирактык мигранттар Стокгольмдо парламент имаратынын алдында Куранды өрттөп жиберишкенин РИА Новости швециялык Aftonbladet гезитине таянуу менен билдирди. “Дүйшөмбү күнү Швециянын Риксдагынын жанында эки адам Куранды өрттөштү”, деп жазган басылма. Маалыматка караганда, акциянын уюштуруучулары Салван Момика менен Салван Нажем мусулмандардын ыйык китебин тебелеп, андан соң өрттөп жиберишкен. Акцияны өткөрүүгө Стокгольмдун полициясы уруксат берген. Эске салсак, июль айында “Даниялык патриоттор” деген ашынган улутчул топтун мүчөлөрү Ирактын Копенгагендеги элчилигинин алдында бир нече жолу Куранды өрттөп, 25-июлда мындай акцияны…

Прочитайте больше

Ирандын ТИМ башчысы Куранды мазактаган өлкөлөр менен мамилени кыскартууну же үзүүнү сунуштады

Ирандын ТИМ башчысы Куранды мазактаган өлкөлөр менен мамилени кыскартууну же үзүүнү сунуштады

Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөргө Куранды мазактоо акциялары кайталанган мамлекеттер менен мамилени кыскартууну же үзүүнү сунуштады. Ал Дания жана Швецияда Курандын мазакталышына байланыштуу Иран, Ирак жана Сауд Аравиянын сунушу менен Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин виртуалдык жыйыны өткөрүлгөнүн билдирди. “Мен бул аракеттер үчүн эл аралык кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү, ИКУнун делегацияларын бул эки өлкөгө (Швеция жана Дания – ред.) жөнөтүүнү, күнөөлүүлөрдү катуу жазалоону, (акциялар – ред.) кайталанган учурда мамилелердин…

Прочитайте больше