Эрдогандын жубайы Стамбулда Палестина боюнча саммит өткөрдү. Ага Биринчи айымдар катышты

Эрдогандын жубайы Стамбулда Палестина боюнча саммит өткөрдү. Ага Биринчи айымдар катышты

Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган 15-ноябрда Стамбулда “Палестина үчүн бир жүрөк” деген темада саммит өткөрдү. Ага мамлекет жана өкмөт башчыларынын жубайлары, ошондой эле көптөгөн өлкөлөрдүн атайын өкүлдөрү катышканын Anadolu агенттиги жазды. Палестинага тилектештик билдирген саммитке катышкандардын арасында Өзбекстан, Бангладеш, Босния жана Герцеговина, Палестина, Бразилиянын биринчи айымдары Зироатхон Мирзиёева, Ребекка Султана, Сабина Комсич, Амина Аббас, Розанжела да Силва жана Малайзиянын ханышасы Тунку Азиза, Ливандын премьер-министринин жубайы Мэй Микати, Катардын шейхинин энеси Моза бинт Насер аль-Миснед, Пакистандын…

Прочитайте больше

Матвиенко: Батыш КМШ өлкөлөрүнүн шериктештигин бөлүп-жара албайт

Матвиенко: Батыш КМШ өлкөлөрүнүн шериктештигин бөлүп-жара албайт

Батыш өлкөлөрү КМШ өлкөлөрүнүн шериктештигин бөлүп-жарып, Россия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты үзө албайт. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды. «Батыш өлкөлөрү Россия менен Борбор Азия мамлекеттерин бөлүп-жарууга ар тараптан аракет кылып жатат», — деди Матвиенко. «Бирок ушул убакка чейин муну ишке ашыруу мүмкүн болгон жок жана андан майнап чыкпайт деп толук ишенем, биздин жалпы тарыхыбызды, жалпы жеңиштерибизди…

Прочитайте больше