Ирандын Жогорку лидери: “Батыш цивилизациясынын аялдарга карата мамилеси – пайда жана ырахат алуу”

Ирандын Жогорку лидери: “Батыш цивилизациясынын аялдарга карата мамилеси – пайда жана ырахат алуу”

«Батыш цивилизациясынын аялдар маселесине карата мамилеси эки фактордон турат: пайда жана ырахат алуу”. Бул тууралуу Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи өлкөдөгү ар түрдүү катмардагы аялдардын тобу менен болгон жолугушуусунда билдиргенин “Fars News” агенттиги жазды. Анын айтымында, Ислам менен Батыштын аялдын иденттүүлүгү, анын баалуулуктары, укуктары, милдеттери, эркиндиктери жана чектөөлөрүнө карата мамилеси бири-бирине карама-каршы келерин айтты. Хаменеи Исламдагы аялдар маселеси Исламдын күчтүү жактарынын бири экенин айтып, Ислам аялдарга тиешелүү бардык тармактарда күчтүү логикага жана рационалдуу колдоого ээ деди….

Прочитайте больше

Нетаньяху Газадагы согушту токтото турган шартты атады

Нетаньяху Газадагы согушту токтото турган шартты атады

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесинде тынчтыкка жетишүүнүн үч шартын атады. Бул тууралуу “Wall Street Journal” гезити жазды. Нетаньяху палестиналык ХАМАС кыймылы жок кылынышы, Газа тилекеси  демилитаризацияланышы жана палестиналык коом дерадикалдашуусу керек экенин айтты. Нетаньяхунун айтымында, Газаны демилитаризациялоо курал-жарак аткезчилигин алдын алуу үчүн тилкенин бүткүл периметри боюнча, анын ичинде Египет менен чек арада убактылуу коопсуздук зонасын түзүүнү камтыйт. Премьер-министр ХАМАСты “жок кылуу” чыр-чатактын мындан ары күчөшүнө жол бербөө үчүн зарыл деп эсептейт. Өткөн апта соңунда…

Прочитайте больше

Миллиарддаган доллар жана деңиз портторуна чыгуу – ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүгүртүү келишиминин кандай пайдасы бар?

Миллиарддаган доллар жана деңиз портторуна чыгуу – ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүгүртүү келишиминин кандай пайдасы бар?

 Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен Ирандын эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол коюшу экономикалык кызыкчылыктардын чегинен чыгып, калыптанып жаткан көп уюлдук системанын ичиндеги байланыштарды чыңдоого жардам берип, өлкөлөрдү Батыштын үстөмдүгүнө каршы күрөштө күчтүүрөөк жана ишенимдүүрөөк кылат. Мындай пикирин талдоочу жана «Правда» гезитинин Кыргызстандагы кабарчысы Сергей Кожемякин Ирандын “Fars News” агенттигине билдирди. Анын айтымында, 2023-жыл оңой болгон жок. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы буга чейинки чыр-чатактар тереңдеп, жаңылары пайда болду. АКШнын түздөн-түз катышуусу менен Палестинадагы геноцид бүткүл Жакынкы Чыгышта – Сирия…

Прочитайте больше

“Мекен биригүүгө тийиш жана ошондой болот”: Си Цзиньпин кайрадан Тайван жөнүндө айтты

“Мекен биригүүгө тийиш жана ошондой болот”: Си Цзиньпин кайрадан Тайван жөнүндө айтты

Кытай лидериСи Цзиньпин Тайвандын КЭР менен биригиши тууралуу айтты. Кезектеги билдирүү аралдагы президенттик шайлоо башталардан бир нече жума мурда жасалгандыгын  NUR.KZ сайты CNNге шилтеме кылып билдирди. Кытайдын лидери Си Цзиньпин кайрадан Тайванды калган Кытай менен бириктирүү ниетин айтты.  Бул тууралуу ал ушул жуманын шейшемби күнү Мао Цзэдундун – Кытай Эл Республикасынын негиздөөчүсүнүн туулгандыгынын 130 жылдыгына арналган кайрылуусунда билдирди. “Мекен менен толук кошууну ишке ашыруу – бул өнүгүүнүн айныгыс жолу, бул элдин да каалоосу болуп саналгандыктан,…

Прочитайте больше

Т. Масабиров: “Электрондук вейп чылымдар менен энергетикалык суусундуктарды  көзөмөлдөө керек”

Т. Масабиров: “Электрондук вейп чылымдар менен энергетикалык суусундуктарды  көзөмөлдөө керек”

Акыркы убакта электрондук чылымдар менен энергетикалык суусундуктардын адамдын ден-соолугуна терс таасирин тийгизгендигине карабастан өтө тездик менен дүйнөлүк коомчулукта кеңири жайылып келе жатат. Мунун эпкини Кыргызстанга да келип жетип, эки жыл аралыгында даана байкала баштады. Бул каражаттардын кесепети адамдардын ден соолугуна тийгизген кесепетинен тышкары, тагдырын да талкалаарын дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да төгүнгө чыгарбайт. Бул маселени Жогорку Кеңештин  трибунасынан бир нече жолу  көтөрүп келе жаткан депутат Таалайбек Масабиров менен вейп чылымдары жана энергетикалык суусундуктардын жаштардын ден соолугуна тийгизген…

Прочитайте больше

Интернет-трафиктин Орусия – Казакстан – Иран альтернативдүү багытын түзүү сунушталды

Интернет-трафиктин Орусия – Казакстан – Иран альтернативдүү багытын түзүү сунушталды

Казакстандын президенти Орусия – Казакстан – Иран багыты боюнча була-оптикалык байланыш линиясын куруу мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында билдирди. Токаевдин айтымында, мындай чара Инди океанын бойлой өткөн азыркы эл аралык линияларга кошулуу үчүн зарыл. “Бул Евразия мейкиндигиндеги транзиттик трафиктин альтернативдүү багытын гана түзбөстөн, маалыматтык логистикадагы ЕАЭБдин позициясын глобалдык деңгээлде кыйла күчөтүүгө мүмкүндүк берет”, – деди Токаев. Декабрдын башында Орусиянын бийлиги эгер Европа орусиялык операторлорду трафик алмашуу…

Прочитайте больше

Санкт-Петербургда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жыйыны өтүүдө

Санкт-Петербургда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жыйыны өтүүдө

25-декабрда Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн президенттери Владимир Путиндин чакыруусу менен Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербургга келишти. Маалыматтарга караганда, дүйшөмбү күнү Борис Ельцин атындагы президенттик китепканада Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны өттү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары интеграциялык жараяндарды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашат. ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосунда эркин соода келишимине кол коюлары күтүлүүдө. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) саммити быйыл 13-октябрда Бишкек шаарында…

Прочитайте больше

Путин Украина менен согушту токтотууга кызыкдар

Путин Украина менен согушту токтотууга кызыкдар

Орусиянын президенти Владимир Путин фронттун азыркы чийининдеги позицияларды сактап калуу шарты менен Украинада ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр. Бул тууралуу The New York Times (NYT) гезити мурда жогорку кызматта иштеп, Кремлдеги байланыштарын сактап калган Орусиянын эки өкүлүнө, ошондой эле Путиндин эмиссарларынан тиешелүү сунуштарды алган АКШнын жана башка өлкөлөрдүн расмий адамдарына шилтеме кылып жазды. Москва Путиндин 2022-жылы февралда Украинага аскердик операциясынын алдындагы билдирүүсүндө айтылган “атайын аскердик операциянын” максаттарынан расмий баш тарткан эмес. Ал максаттардын ичинде…

Прочитайте больше

Эксперт: ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишими бардыгы үчүн пайдалуу

Эксперт: ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишими бардыгы үчүн пайдалуу

25-декабрда Санкт-Петербургда өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Иран менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол коюшту. Бул документ 2019-жылдан бери күчүндө болгон убактылуу келишимдин ордун басат. Документке Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович, Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук жана Ирандын өнөр жай, кен байлык жана соода министри Аббас Алиабади кол койду. Мындан тышкары, Беларусь, Армения, Казакстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү кол коюшту. Мясникович келишим мүчө мамлекеттер тарабынан ратификациялангандан кийин расмий…

Прочитайте больше

Иран ЕАЭБ өлкөлөрү менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол койду

Иран ЕАЭБ өлкөлөрү менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол койду

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Иран менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол коюшту. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды. Бул документ 2019-жылдан бери күчүндө болгон убактылуу келишимдин ордун басат. Документке кол коюу аземи бүгүн, 25-декабрда Санкт-Петербургда өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында болду.Видеоплеер Документке Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович, Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук жана Ирандын өнөр жай, кен байлык жана соода министри Аббас Алиабади кол койду. Мындан тышкары, Беларусь, Армения, Казакстан жана Кыргызстандын…

Прочитайте больше

Газанын элине жардам. Атайын эсепке 300 миң сомдон ашык каражат түштү

Газанын элине жардам. Атайын эсепке 300 миң сомдон ашык каражат түштү

Бүгүнкү күндө Газа секторуна жардам берүүгө ачылган атайын эсепке 303 миң 465,39 сом жана 1000 рубль түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Эске салсак, Кыргызстандын Финансы министрлиги Газа секторунун жарандарына жардам берүү үчүн каражат топтоого атайын мультивалюталык эсеп ачканы 18-декабрда аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланган. Министрлик эсеп ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан Газанын элине жардам чогултуу максатында ачылганын кошумчалаган. Эсептин номери: №1350158030000557 “КР ФМ (Газа секторунун жарандарына жардам берүүгө акча каражаттарын топтоо үчүн эсеп) “(сом,…

Прочитайте больше

ХАМАС Израилдин убактылуу элдешүү сунушун четке кагып, агрессияны токтотууну талап кылды

ХАМАС Израилдин убактылуу элдешүү сунушун четке кагып, агрессияны токтотууну талап кылды

Палестиналык ХАМАС кыймылы Израилдин бир же эки жумалык элдешүү сунушун четке кагып, ок атууну токтотууну талап кылды. Бул тууралуу ХАМАСтын чет өлкөдөгү жетекчилигинин мүчөсү Али Барака al-Mayadeen телеканалына билдирди. Мурдараак Asharq телеканалы египеттик булактарга таянуу менен ХАМАС Каирдеги сүйлөшүүлөрдө туткундарды алмашуу келишими боюнча позициясын ырастап, бардык туткундарды алмашуу жана  Израилдин ок атуусун токтотуу шартын койгонун маалымдаган. “Бир нече сунуштар айтылды, бирок каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн позициясы ачык: адегенде Израилдин Газа тилкесиндеги агрессиясын токтотуу керек. ХАМАС бир…

Прочитайте больше

Кыргызстанда вакф институту пайда болот

Кыргызстанда вакф институту пайда болот

21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Вакуф (вакф) негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Аталган мыйзам долбоору  депутаттар – Маматалиев М.А., Нурбаев Ж.П., Алимжанов Ф.А., Мамытов Т.Т., Атазов Ш.К., Исмаилов Ф.Д., Козуев А.А., Ашимова Д.А., Ханджеза К.Л. тарабынан демилгеленген. Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиев берди. Анын айтымында, мыйзам долбоору калктын керектөөлөрүн канааттандыруу, жагымдуу чөйрөнү калыптандыруу, калктын социалдык-экономикалык жактан жетишкенин колдоо, уюштурууга жана жүзөгө ашырууга талаптарды коюу…

Прочитайте больше

ХАМАС Израилдин согуштук аракеттерди бир аптага токтотуу сунушун четке какты

ХАМАС Израилдин согуштук аракеттерди бир аптага токтотуу сунушун четке какты

Палестиналык ХАМАС тобу Израилдин согуштук аракеттерди бир аптага токтотуу сунушун четке какты. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити египеттик аткаминерлерге шилтеме кылып кабарлады. Египет Катар сыяктуу эле Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчу болууда. Шаршемби күнү ХАМАСтын лидерлеринин бири Исмаил Хания Каир шаарында Газа тилкесиндеги ыктымал жаңы гуманитардык тыныгуу боюнча египет бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. The Wall Street Journal басылмасынын булактары кабарлагандай, бул сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктады. Израилдин сунушуна ылайык, ХАМАС 7-октябрдагы кол салуу…

Прочитайте больше

Сауд Аравия Жаңы жылды майрамдоо үчүн Россиядан 200 млн тонна кар сатып алат

Сауд Аравия Жаңы жылды майрамдоо үчүн Россиядан 200 млн тонна кар сатып алат

Эр-Риядда Жаңы жылда биринчи жолу балаты орнотулуп, кышкы шаарча курулат – мындай маалыматты королдуктун маданият министри ханзаада Фатх бен Фейсаль Аль Сауд жарыялады. Ал эми дөңчөлөрдү куруу жана жерге төшөө үчүн карды Якутиядан алмакчы. Жалпысынан Аравия жарым аралына 200 млн тонна кар ташылып келип, анын 85 млн тоннасы борбор калааны жасалгалоого, калганы курорттук шаарларда кар шаарчаларды курууга колдонулат. Эксперттердин баалоосуна ылайык, кардын орточо баасы бир куб метрге $1400га сатылууда. Анткен менен кардын кымбаттыгы саудиялык бийликти…

Прочитайте больше
1 2 3 5