Газанын элине жардам. Атайын эсепке 300 миң сомдон ашык каражат түштү

Бүгүнкү күндө Газа секторуна жардам берүүгө ачылган атайын эсепке 303 миң 465,39 сом жана 1000 рубль түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, Кыргызстандын Финансы министрлиги Газа секторунун жарандарына жардам берүү үчүн каражат топтоого атайын мультивалюталык эсеп ачканы 18-декабрда аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланган.

Министрлик эсеп ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан Газанын элине жардам чогултуу максатында ачылганын кошумчалаган.

Эсептин номери: №1350158030000557 “КР ФМ (Газа секторунун жарандарына жардам берүүгө акча каражаттарын топтоо үчүн эсеп) “(сом, АКШ доллары, евро, рубль)

Төлөм коду: 14411100 – “учурдагы жардам”

https://www.facebook.com/plugins/post.php?href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fphoto.php%3Ffbid%3D357789660276189%26set%3Da.235329149188908%26type%3D3&show_text=true&width=500

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Израилдин абадагы жана кургактагы операциясы бүгүнкү күнгө чейин  улантып келет.

Израилдин соккулары башталгандан бери Газа тилкесинде каза болгондордун саны 20,4 миңден ашты, 54 миңден ашууну жараат алды.

Комментарий жиберүү