Иран ЕАЭБ өлкөлөрү менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол койду

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Иран менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол коюшту. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Бул документ 2019-жылдан бери күчүндө болгон убактылуу келишимдин ордун басат.

Документке кол коюу аземи бүгүн, 25-декабрда Санкт-Петербургда өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында болду.Видеоплеер

Документке Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович, Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук жана Ирандын өнөр жай, кен байлык жана соода министри Аббас Алиабади кол койду. Мындан тышкары, Беларусь, Армения, Казакстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү кол коюшту.

Мясникович келишим мүчө мамлекеттер тарабынан ратификациялангандан кийин расмий түрдө күчүнө кирерин журналисттерге билдирди.

ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда эркин соода аймагын түзүү жөнүндөгү убатылуу келишим 2018-жылдын 17-майында түзүлүп, 2019-жылдын 27-октябрында күчүнө кирген.

Комментарий жиберүү