Эксперт: ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишими бардыгы үчүн пайдалуу

25-декабрда Санкт-Петербургда өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Иран менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол коюшту.

Бул документ 2019-жылдан бери күчүндө болгон убактылуу келишимдин ордун басат.

Документке Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович, Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук жана Ирандын өнөр жай, кен байлык жана соода министри Аббас Алиабади кол койду. Мындан тышкары, Беларусь, Армения, Казакстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү кол коюшту.

Мясникович келишим мүчө мамлекеттер тарабынан ратификациялангандан кийин расмий түрдө күчүнө кирерин журналисттерге билдирди.

ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда эркин соода аймагын түзүү жөнүндөгү убатылуу келишим 2018-жылдын 17-майында түзүлүп, 2019-жылдын 27-октябрында күчүнө кирген.

Ирандын өнөр жай, кен байлык жана соода министри Аббас Алиабади Иран менен Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ортосундагы эркин соода жүгүртүү боюнча келишим көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтып, Тегеран келишимди тез арада ратификацияланышын күтөт деп ЕАЭБ саммитинде сүйлөп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.

Ирандык министр алты өлкөнүн элдерин, ишкерлерин жана бизнесмендерин келишимге кол коюу менен куттуктап, бул келишим мүчө өлкөлөр үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ача турганын белгиледи.

Тегеран документ ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн парламенттери тарабынан ратификацияланып, иш жүзүндө которулушун күтөт деп кошумчалады ирандык аткаминер.

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишими рыноктун бардык катышуучулары үчүн пайдалуу экенин, Бириккен Танзания Республикасындагы «Бизнес Россиянын» бизнес-элчиси, эксперт Юрий Коробов РИА Новостиге билдирди.

«Мындай келишимдер рыноктун бардык катышуучулары үчүн, биринчи кезекте мындай келишимдерге катышкан өлкөлөрдүн калкы үчүн кызыктуу жана пайдалуу экенине ишенем», – деди эксперт.

Анын айтымында, жалпы эрежелердин алкагында иш алып барган өлкөлөрдүн санынын көбөйүшү “чоң сандар мыйзамын” ишке ашырат – катышуучулар тышкы соодада күтүлгөн көрсөткүчтөргө жана натыйжада өз экономикасынын өсүшүнө тез жетишет.

«ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы кызматташтыкты арттыруу, бардык тараптар үчүн пайдалуу», – деген пикирин АКРА (Аналитикалык кредиттик рейтинг агенттиги) көз карандысыз жана аймактык рейтингдер тобунун директору Михаил Николаев билдиргенин Sputnik Өзбекстан жазды.

“ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн бул биринчи кезекте транспорт коридорлорун кеңейтүүгө, Перс булуңуна жана Инди океанына чыгууга мүмкүндүк берет. Бул келишим негизинен “Түндүк-Түштүк” транспорт коридорун “жабат”. Ал эми эл аралык санкциялар астында турган Иран үчүн экономикалык кызматташтыктын кеңейиши жаңы рынокторду ачып, товарын сатууга жардам берет жана транспорттук кызматтарын кеңейтет”, – деди эксеперт.

Ал ошондой эле бул макулдашуудан олуттуу пайданы Иран менен чектешкен Армения көрөт деген пикирин билдирди.

Комментарий жиберүү