ХАМАС Израилдин убактылуу элдешүү сунушун четке кагып, агрессияны токтотууну талап кылды

Палестиналык ХАМАС кыймылы Израилдин бир же эки жумалык элдешүү сунушун четке кагып, ок атууну токтотууну талап кылды. Бул тууралуу ХАМАСтын чет өлкөдөгү жетекчилигинин мүчөсү Али Барака al-Mayadeen телеканалына билдирди.

Мурдараак Asharq телеканалы египеттик булактарга таянуу менен ХАМАС Каирдеги сүйлөшүүлөрдө туткундарды алмашуу келишими боюнча позициясын ырастап, бардык туткундарды алмашуу жана  Израилдин ок атуусун токтотуу шартын койгонун маалымдаган.

“Бир нече сунуштар айтылды, бирок каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн позициясы ачык: адегенде Израилдин Газа тилкесиндеги агрессиясын токтотуу керек. ХАМАС бир же эки жумага жарашуу сунушун четке кагат, бул боюнча бардык каршылык көрсөтүү топторунун позициясы бирдиктүү”, – деди Барака.

Анын айтымында, Газа тилкесинде туткундарды кармоо палестиналык топтордун колундагы «күчтүү карта» болуп саналат. Ал кошумчалагандай, ХАМАС жана башка палестиналык кыймылдар туткундарды алардын шарттары менен палестиналык туткундарга алмаштырууну каалашат.

Эске салсак, буга чейин Израиль ХАМАС кыймылына туткундарды бошотуу боюнча жаңы келишимдин алкагында согуштук аракеттерди бир жумага токтотууну сунуштаганын, Axios порталы булактарга таянуу менен билдирген.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Израилдин абадагы жана кургактагы операциясы бүгүнкү күнгө чейин  улантып келет. Израилдин соккулары башталгандан бери Газа тилкесинде каза болгондордун саны 20,4 миңден ашты, 54 миңден ашууну жараат алды.

Тараптар акыркы жолу ок атышпоону 24-ноябрда макулдашкан. 1-декабрга чейин созулган ок атышпоо режиминин алкагында ХАМАС 100дөн ашуун туткунду, анын ичинде аялдарды, балдарды жана чет өлкөлүк жарандарды бошоткон. Израиль болсо ондогон палестиндерди, абактан чыгарган, алардын көбү өспүрүмдөр.

Комментарий жиберүү