Кыргызстанда вакф институту пайда болот

21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Вакуф (вакф) негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган мыйзам долбоору  депутаттар – Маматалиев М.А., Нурбаев Ж.П., Алимжанов Ф.А., Мамытов Т.Т., Атазов Ш.К., Исмаилов Ф.Д., Козуев А.А., Ашимова Д.А., Ханджеза К.Л. тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиев берди. Анын айтымында, мыйзам долбоору калктын керектөөлөрүн канааттандыруу, жагымдуу чөйрөнү калыптандыруу, калктын социалдык-экономикалык жактан жетишкенин колдоо, уюштурууга жана жүзөгө ашырууга талаптарды коюу аркылуу өлкө аймагында вакуфтук иштин натыйжасында мейкиндиктин биримдигин жана ачыктыгын камсыз кылуу; элдер ортосунда тынчтыкты, достукту жана макулдашууну чыңдоого, социалдык, улуттук, диний кагылышуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүү; билим берүү, илим, маданият, искусство, агартуу, инсандын руханий өсүүсү чөйрөсүндөгү ишке көмөк көсөтүү; өз мүлкүн вакуфка сатууда (кайрылууда) жана андан киреше алууда вакуфтук ишти жүзөгө ашырууучу жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу, ошондой эле вакуфтук иштин башка катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Камила Талиева Кыргызстан светтик мамлекет экенин, ошондуктан бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршылыгын билдирди. Эл өкүлү Талайбек Масабиров мыйзам долбоору боюнча өлкөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы өз корутундусун бергенби деп кызыкты. Буга М.Маматалиев комиссиянын эксперттери өз сунуштарын бергенин маалымдады. Депутаттар Айбек Алтынбеков, Алишер Эрбаев вакф институтунун социалдык маанисине басым жасап, мыйзам долбоорун колдошту.

Депутат Кубанычбек Самаков бул диний институтту киргизүүдө укуктук карама-каршылыктар болбойбу деген суроону узатып, кыргыз тилиндеги «вакф» сөзүнүн синонимдерин колдонууну сунуштады. М.Маматалиев мыйзамдык көз караштан алганда эч кандай карама-каршылыктар болбостугун, өлкөнүн укуктук практикасында айрым исламдык каржылоо принциптери ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын айтты. Ал ошондой эле кыргыз тилиндеги мааниси боюнча эң жакын “мурас” сөзү экенин жана бул сөз экинчи окууда мыйзам долбоорунда колдонула турганын кошумчалады.

Депутат Динара Ашимова мыйзам долбоору башка мыйзамдарга да түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кылгандыктан, жумушчу топтун курамына юристтерди киргизүү зарылдыгын белгилеп, өзүнүн талапкерлигин сунуштады.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынды.

Комментарий жиберүү