Сауд Аравия Жаңы жылды майрамдоо үчүн Россиядан 200 млн тонна кар сатып алат

Эр-Риядда Жаңы жылда биринчи жолу балаты орнотулуп, кышкы шаарча курулат – мындай маалыматты королдуктун маданият министри ханзаада Фатх бен Фейсаль Аль Сауд жарыялады. Ал эми дөңчөлөрдү куруу жана жерге төшөө үчүн карды Якутиядан алмакчы.

Жалпысынан Аравия жарым аралына 200 млн тонна кар ташылып келип, анын 85 млн тоннасы борбор калааны жасалгалоого, калганы курорттук шаарларда кар шаарчаларды курууга колдонулат. Эксперттердин баалоосуна ылайык, кардын орточо баасы бир куб метрге $1400га сатылууда.

Анткен менен кардын кымбаттыгы саудиялык бийликти чочулатпайт: көптөгөн араб балдары өмүрүндө карды көрүшө элек. Ошондуктан королдук балдарына мындай рахат тартуулоо үчүн канча акчаны болсо да төлөп берүүгө даяр.

Мындан тышкары биринчи жолу жаңы жылдык балатыда салттуу персонаждар – Аяз ата менен Аяз кыз пайда болуп, алар жергиликтүү маданий өзгөчөлүктөргө ыңгайлашат. Мисалы, Аяз кыз балдардын алдына жүзүн жапкан никаб менен чыгып, аларды эркек тууганы болбосо куттуктабайт, ал эми Аяз атанын ролун жергиликтүү мечиттин имамы аткарат.

«Королдук бир аз дүйнөгө ачылууда жана өзү үчүн Россияны ачууда,- деди ханзаада Фатх. – Албетте, өтө эле ашкере өзгөрүү биздин цивилизацияга зыян келтирет, бирок азыркы учурда биз кардан көп эле зыян болбойт деп чечтик. Эгер биздин балдарга жакса, анда бул товарды дайыма сатып алабыз. Биз Россия узак убакытка чейин арзаныраак баада келишим түзүүнү жакшы көрөт деп ишенебиз. Андыктан биз кардын ар бир кубометри үчүн 1400 доллар эмес, айталы, 600 болсо, анда келишим түзөт элек».

Комментарий жиберүү