РФнын президенттигине 16 талапкерден арыз түштү

Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (РФнын БШК) 16 президенттике талапкерлер мамлекет башчысы болуу ниетин билдирип, арыз менен кайрылышты. Бул тууралуу РФнын БШКсынын төрайымы Элла Памфилова билдирди.

“Бүгүнкү күнгө карата РФнын президенттигине шайлоого катышуу үчүн 16 талапкерден арыз түштү. Кампания кызыган абалга келди”, – деп айтты Памфилова, андан ары да алдын ала маалыматтар боюнча, арыз берүүчүлөрдүн саны көбөйө тургандыгын жыйын учурунда кошумчалап.

РФнын Борбордук шайлоо комиссиясы шаршемби күнү өткөн жыйынында 2024-жылы боло турган өлкө башчысын шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу талапкерин коюп жаткан учурдагы Россиянын президенти Владимир Путинди колдогон шайлоочулар тобун каттап, бул талапкерди колдоо үчүн 300 миң кол чогултууга Сбербанкта атайын эсепти ачууга уруксат берди. Азыркы учурда Путин өзүн колдоо үчүн кол чогултууга уруксат берилген жалгыз өзүн-өзү көрсөткөн талапкер болуп саналат.

РФнын Федерация Кеңеши 2024-жылдын 17-мартына шайлоону белгилеген. Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнү үч күн: 15-16 жана 17-мартта өткөрүү чечимин кабыл алган.

Комментарий жиберүү