Украинада дагы жарым миллион адамды мобилизациялоо сунушталды

Аскер кызматкерлери Украинанын президенти Владимир Зеленскийге кошумча 450-500 миң адамды мобилизациялоону сунушташты. Бул тууралуу украин лидери 19-декабрда маалымат жыйынында билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

«Алар (аскер кызматкерлери – ред.) кошумча 450-500 миң адамды мобилизациялоону сунуш кылышты», – деди ал.

Киев режиминин башчысы бул чечимди азырынча беките электигин, анткени алгач мобилизациялангандарды камсыздоо үчүн каражатты кайдан алууну түшүнүү, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн катарына чакырылгандардын эмгек өргүү маселесин чечүү керектигин айтты.  Ошондой эле аскерлерди демобилизациялоо маселеси дагы иштелип чыга элек.

Зеленскийдин ырастоосунда, мындай мобилизация Украинага кошумча 500 миллиард гривна (Улуттук банктын учурдагы курсу боюнча 13,4 миллиард долларга жакын) талап кылынат.

Ал ошондой эле премьер-министр Денис Шмыгалга жана жалпы өкмөткө “каяктагы акча?” деген суроо менен кайрылып, мобилизациядагы финансылык каатчылыкка токтолуп, бир аскер кызматкерине алты салык төлөөчүнүн акчасы жумшаларын айтты.

“Мен бул чечимди колдоо үчүн дагы аргументтер керектигин айттым”, – деди Зеленский.

2022-жылдын февраль айынан тарта Украинада жалпы мобилизация жарыяланып, бир нече жолу узартылган, ал эми өлкөнүн бийликтери аскер курагындагы эркектердин кызматтан качуусуна жол бербөө үчүн колдон келгендин баарын жасоодо. Тактап айтканда, аларга чет өлкөгө чыгууга тыюу салынып, аскерге чакыруу кагаздары мамлекеттик мекемелерде, көчөлөрдө жана ар кандай эл көп жерлерде  берилет. Украин маалымат каражаттары жазгандай, көп сандаган эркектер согуштук аймакка жөнөтүлбөш үчүн айлап үйлөрүнөн чыкпай турушат.

Буга чейин Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу Украинанын Куралдуу күчтөрү атайын операция башталгандан бери 383 миң аскерин жогтконун билдирген. Ал эми жайкы контрчабуулда 159 миң аскери каза таап, жарадар болгон.

Комментарий жиберүү