ЖМК: Израиль ХАМАСка согуштук аракеттерди бир жумага токтотууну сунуштады

Израиль палестиналык ХАМАС кыймылына туткундарды бошотуу боюнча жаңы келишимдин алкагында согуштук аракеттерди бир жумага токтотууну сунуштаганын, Axios порталы булактарга таянуу менен билдирди.

Паорталдын маалыматы боюнча ХАМАС менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоонун жолун израилдик Моссаддын башчысы Дэвид Барнеа 40ка жакын туткунду бошотуу үчүн  сунуштаганын жазат. Алардын арасында 60 жаштан ашкан аялдар, эркектер жана тез арада медициналык жардамга муктаж адамдар бар.

Сунуштун алкагында Израиль кеминде бир жумага убактылуу ок атышпоого макул болоорун билдиргенин, Axios жазды.

Күн мурун Израилдин президенти Исаак Герцог өлкөсү барымтада калгандарды бошотуу үчүн Газа тилкесинде кезектеги гуманитардык тыныгууга даярдыгын, ошондой эле анклавдын тургундарына кошумча гуманитардык жардам өткөрүүгө макул экенин  билдирген.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Израилдин абадагы жана кургактагы операциясы бүгүнкү күнгө чейин  улантып келет. Израилдин соккулары башталгандан бери Газа тилкесинде каза болгондордун саны 19,4 миңден ашты, 52 миңден ашууну жараат алды.

Тараптар акыркы жолу ок атышпоону 24-ноябрда макулдашкан. 1-декабрга чейин созулган ок атышпоо режиминин алкагында ХАМАС 100дөн ашуун туткунду, анын ичинде аялдарды, балдарды жана чет өлкөлүк жарандарды бошоткон. Израиль болсо ондогон палестиндерди, абактан чыгарган, алардын көбү өспүрүмдөр.

Комментарий жиберүү