Парламент тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Эл өкүлдөрүнүн 59у “макул” болсо, бешөө “каршы” добуш берди.

Депутат Дастан Бекешев мамлекеттик желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын өзүнүн Telegram-каналына жарыялады.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси-Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов.

Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Алсак, аталган сунуш өлкөнүн башкы мамлекеттик символдорунун бири болгон КР туусун жакшыртууга багытталган. Тагыраагы, туудагы айрым элементтерге тактоо киргизүү сунушталууда.

19-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети да документти дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

Комментарий жиберүү