Путин: Орусиянын НАТО өлкөлөрү менен согушууга ниети жок

Орусия президенти Владимир Путин Орусиянын НАТО өлкөлөрү менен согушууга ниети жана кызыкчылыгы жок экенин билдири.

Путин ВГТРКнын кабарчысы Павел Зарубинге берген маегинде АКШ президенти Жо Байдендин Украина жеңилсе, Орусия НАТО өлкөлөрүнүн бирине кол салышы мүмкүн деген сөзүнө жооп кайтарды. Ал бул сөздөрдү “нонсенс” деп атап, Байден өзү да муну түшүнөрүн айтты.

“Орусия НАТО өлкөлөрү менен согушууга геосаясий да, экономикалык да, саясий да, аскердик да жактан кызыкдар эмес”, – деди Путин.

Анын айтымында, Орусия НАТО өлкөлөрү менен “мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар”. Ал Финляндиянын НАТОго кошулушуна нааразы болуп, бул өлкөнүн Орусия менен мамилесинде эч кандай көйгөй болбогонун, бирок эми болорун, анткени Орусия Финляндия менен чек арага жакын жерде аскер бөлүктөрүн жайгаштыра турганын айтты.

6-декабрда АКШ президенти Жо Байден Конгресстеги республикачыларга кайрылып, Украинага жаңы жардам берүүгө чакырган. Ал Москва Украинаны жеңип алса, НАТОнун мүчөлөрүнө жана анын өнөктөштөрүнө кол салышы мүмкүн экенин эскерткен.

“Путин Киевди каратып алуу менен токтобойт. Ал НАТОнун өнөктөштөрүнө кол салат, мына ошондо америкалык армия орус армиясы менен согушат”, – деген Байден.

Комментарий жиберүү