Ооганстандын түндүгүндөгү Баглан провинциясында катуу жамгырдан кийинки селден 315 кишинин өмүрү кыйылып, 1600дөн ашуун адам жараат алганын “Талибан” өкмөтүнүн Качкындар иштери боюнча министрлиги 12-май күнү билдирди. Ооганстандын түндүгүндөгү жана түндүк-чыгышындагы бир нече провинцияда катуу жамгырдан кийин сел жүргөн. Баглан провинциясы суу-ташкындан эң көп жабыркаган аймак деп эсептелди. Анткени, жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыккан. Кырсыктын кесепетинен провинциянын суу каптаган аймактарына жардам убагында жетпей, жардам көрсөтүү үчүн бараткан унааларды баткактан чыгаруу үчүн армия оор техника колдонууга аргасыз…
Прочитайте большеDay: May 13, 2024
Белгилүү укук коргоочу Т. Акун БУУга, дүйнө лидерлерине кайрылды
Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин Координатору, Кыргызстан Укук Коргоо Кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш токтотуу үчүн БУУга, дүйнө лидерлерине кайрылды. Ал эгер тез арада бул эки элдин ортосундагы жаңжал тынчтык жолу менен чечилбесе, анда үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетип, бүтүндөй адамзаттын башына каран түн түшүп калуу коркунучун да эскертти. Улуттар УюмунаДүйнө лидерлерине Кайрылуу Урматтуу Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү! Урматтуу Америка, коллективдүү Батыш, Кытай жана азыркы абалга кайдыгер эмес башка…
Прочитайте большеАлматыда Азербайжан менен Армениянын чек ара тууралуу сүйлөшүүлөрү башталды
Еревандагы нааразылык акцияларга карабай, Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Алматыда кайрадан сүйлөшүүлөрүн жандантты. 11-майда уланган сүйлөшүү Түштүк Кавказдагы кырдаал боюнча тынчтык келишимин түзүүгө багытталды. Баку көп жылдар бою армян тектүүлөр көзөмөлдөп келген Карабак аймагын былтыр кайтарып алган жана аны бекемдөөгө аракеттенүүдө. Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян 10-май күнкү билдирүүсүндө Ереван тынч келишимге эле эмес, транспорттук каттамдарды ачууга да даяр экенин айткан. Тараптар 19-апрелде кол койгон протоколго ылайык, Ереван менен Баку чек аранын айрым тилкелери боюнча…
Прочитайте большеБУУнун Башкы ассамблеясы палестиналыктардын уюмга мүчө болуу укугун тааныган резолюцияны кабыл алды
Жума күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы палестиналыктардын Уюмга толук кандуу мүчө болуу укугун тааныган резолюцияны колдоп, Коопсуздук Кеңешин бул маселени кайра карап чыгууга чакырды. Аны 143 өлкө колдоп, тогузу каршы, 25и добуш берүүдөн карманды. Резолюцияны кабыл алуу үчүн мүчө мамлекеттердин үчтөн экисинин добушу керек болчу. Палестина жана араб өлкөлөрүнүн тобу бул резолюциянын долбоорун бекитүү Палестинага Бириккен Улуттар Уюмунда көбүрөөк укуктарды жана артыкчылыктарды берет деп сунуш кылышкан. Резолюцияны колдобогондордун арасында АКШ да бар. АКШнын БУУдагы миссиясынын басма сөз…
Прочитайте больше