Дүйнөдөгү саясий кырдаал барган сайын татаалдашып бараткан убакта Кыргызстан мүчө болгон бирикмелер тынымсыз кысымга кабылып жатат. Бул тууралуу Стратегиялык талдоо жана болжолдоо институтунун директору Аман Салиев “Sputnik Кыргызстан” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөр коопсуздук маселелери боюнча биргелешкен консультацияларды өткөрүп жатышат. Серепчилер дүйнөдөгү терроризм технологияларындагы өзгөрүүлөрдү белгилеп, Ооганстандагы кырдаалга жана бирикмеге кирген өлкөлөрдөгү экстремисттердин диверсиялык аракеттерине тынчсыздануусун билдиришүүдө.Аудиоплеер «Учура биз түздөн-түз согуш жарыялоо чакырыгын же агрессивдүү аракеттерди көрбөй…
Прочитайте большеDay: May 31, 2024
Кытай Украина боюнча “тынчтык саммитине” катышпайт
Кытай июнь айында Швейцарияда өтө турган Украинадагы согушту токтотуу боюнча конференцияга өз өкүлдөрүн жөнөтпөйт. Бул тууралуу Reuters агенттиги өзүнүн төрт булагына шилтеме кылып билдирди. Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский кытай лидери Си Цзиньпинге ачык кайрылып, аны Киев “тынчтык саммити” деп атаган конференцияга катышууга чакырган. Агенттиктин булактары белгилегендей, Бээжиндин мындай чечим кабыл алышына “саммитке Орусиянын да, Украинанын да катышуусу зарыл” деген Кытайдын шарты аткарылбаганы себеп болгон. Швейцария Москва “согушту токтотуу процессине катышуусу керектигин” билдиргени менен,…
Прочитайте большеСловения Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары тааныды
Словения өкмөтү Палестинанын көз карандысыздыгын жана эгемендигин тааныганын жарыялады, деп айтылат өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин социалдык тармактагы расмий билдирүүсүндө. Палестинанын көз карандысыздыгын таануу Словениянын Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга жана израилдик барымтадагыларды бошотууга жетишүү аракети менен дал келет, деп билдирди министрлик. Чечимди эми өлкөнүн Улуттук ассамблеясы бекитиши керек. 22-майда Норвегиянын, Ирландиянын жана Испаниянын бийликтери көз карандысыз Палестина мамлекетин тааныганын жарыялашкан. Бул өлкөлөрдүн чечимдери 28-майда күчүнө кирди. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул билдирүүлөрдү “террордун сыйлыгы” деп…
Прочитайте большеИранда президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо башталды
30-майда Иранда президенттик шайлоого талапкерлерди расмий каттоо башталды. Өлкөнүн маркум президенти Ибрахим Раиси каза болгондон кийин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү 28-июнга белгиленген. Талапкерлерди каттоо 30-майдан 3-июнга чейин жүргүзүлөт. Талапкерлердин талаптарга ылайыгын текшерүү 4-июндан 10-июнга чейин жүргүзүлөт. Шайлоого ат салышкандардын соңку тизмеси 11-июнда белгилүү болот. Шайлоо өнөктүгү 12-июндан 27-июндун таңына чейин жүргүзүлөт. Шайлоого бир күн калганда “жымжырттык күнү” жарыяланып, үгүт иштерине тыюу салынат. Эгерде талапкерлердин бири дагы көпчүлүк добушка ээ боло албаса, анда шайлоонун экинчи…
Прочитайте больше