28-июнга караган түнү Атлантада (Жоржия) АКШнын тарыхында биринчи жолу шайлоо алдындагы теледебат өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттери Жо Байден менен Дональд Трамптын ортосунда өттү. Байдендин жактоочулары анын сөзүн “саясий табытка кагылган мык” дешсе, трампчылар ал “тарыхтагы эң чоң жеңишке ээ болгонун” жарыялашты. Дебат кантип башталды? Дебаттын катышуучуларына иретке салып алган ойлорун айтууга мүмкүнчүлүк берилген жок. Бири сүйлөй баштаганда экинчисинин микрофондору өчүрүлүп жатты. Дебатты CNN телеканалынын модераторлору көрүүчүлөрсүз атайын студияда өткөрүштү. Ал арада аккредитацияланган кабарчылардын ассоциациясы…
Прочитайте большеMonth: June 2024
Орусияда ажырашуу үчүн төлөмдү 8 эсе көтөрүү сунушталды
Орусиянын Каржы министрлиги бир катар мамлекеттик алымдардын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Тиешелүү сунуштар Мамлекеттик Дума тарабынан 20-июнда биринчи окууда кабыл алынган ири өлчөмдөгү салык мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдүн долбооруна киргизилди (түзөтүүлөрдүн тексти РБКнын маалымат почтасында бар). Тиешелүү мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет деп болжолдонууда. Ошентип, жеке адамдар тарабынан төлөнгөн бир катар алымдар олуттуу түзөтүүлөргө дуушар болот. Мисалы, ажырашуу үчүн төлөмдү 650 рублден 5000 рублга чейин көтөрүү каралууда. Кеп жалпы жашы жете элек балдары жок жубайлар өз…
Прочитайте большеБУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш иш сапары менен Кыргызстанга келет
Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 1-3-июль күндөрү Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле БУУнун Өнүгүү программасынын долбоорлорунун бирине баруусу пландаштырылууда. Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат”, –…
Прочитайте большеПакистанда ысыктан 600дөй киши каза тапты
Пакистанда ысык аптаптын айынан 600дөй адам каза таап, ооруканалар менен өлүкканалар толуп калды. Айрым маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, миңдеген адам ооруканага кайрылууга аргасыз болду. Көз жумгандардын көбү Пакистандын Карачи шаарынын жайшоочулары. Шаарда абанын температурасы 40 градустан ашканы, бирок болжол менен температура 49-50 градуска чейин жеткендиги айтылууда. Тез жардам унаалары ысык урган ондогон кишилерди өлүкканаларга ташыгандыгын Эдхи фондусунун башчысы Фейсал Эдхи билдирген. “Күнүгө Карачидеги өлүкканага 30-40 сөөк келип жатат. Акыркы алты күндүн ичинде алардын саны 568ден…
Прочитайте большеОрусия фронтко 10 миңдей мигрантты жөнөттү
Орусиянын жарандыгын алган 10 миңдей мигрант согуштук аракеттерге катышууну каалабаганына карабай, Украинага жөнөтүлгөн. Бул тууралуу 27-июнда Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин (ТК) төрагасы Александр Бастрыкин билдирди. «Жалпысынан биз жарандык алган жана аскердик каттоого тургусу келбеген 30 миңден ашык мигрантты кармай алдык, 10 миңге жакыны Түндүк аскер округунун аймагына жөнөтүлдү», – деди Бастрыкин Санкт-Петербургдагы эл аралык юридикалык форумда. Ал Россия Федерациясынын мыйзамдарында жаңы жарандардын аскердик каттоого туруу жана зарыл болгон учурда аскердик иш чарага катышуу милдети каралганын…
Прочитайте большеИранда президенттикке талапкерлердин баары өз добуштарын беришти
Иранда өтүп жаткан президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышууда. Талапкерлердин баары шайлоо участкаларына келип өз добуштарын беришти. Алардын ичинен биринчи болуп Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф Тегерандын четиндеги Шах Абдул Азим мечитиндеги шайлоо участкасында добуш берди. Андан кийин ички иштер жана юстиция министрликтеринин мурдагы башчысы Мостафа Поурмохаммади Тегерандагы “Хосейние Эршад” маданий жана диний борборунда добуш берди. Ал эми үчүнчү болуп Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили Тегерандагы Имам Хасан мечитиндеги шайлоо участкасында жарандык милдетин аткарды. Мурдагы саламаттыкты сактоо…
Прочитайте большеСадыр Жапаровдун Бельгияга болгон иш сапарынын жыйынтыгы
Президент Садыр Жапаровдун Бельгия Королдугуна болгон иш сапарын аяктап, 26-июнга караган түнү Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Бельгиянын Королу Филипп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуу бетме-бет форматта өтүп, анда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, Кыргызстан менен Бельгиянын мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн бир катар келечектүү багыттары белгиленди. Ошондой эле президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен тар жана кеңейтилген курамда…
Прочитайте большеТүштүк Кореяда заводдо өрт чыгып, 20дан ашык адам каза болду
Түштүк Кореяда заводдон өрт чыгып, 20дан ашык адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Хвасондогу литий аккумуляторлорун чыгарган заводдогу тилсиз жоодо көз жумгандардын саны 22ге жетти. Өрт дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30дар чамасында болгон. Алардын көбү кытайлык жарандар. Каза болгондордун саны дагы да өсүшү мүмкүн, анткени дайынсыз жоголгон кызматкерлер да бар. Өрттөн 2 киши олуттуу, алты адам жеңил жаракат алган. Сеул шаарынан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан заводдогу өрттү чектөөгө алышкан….
Прочитайте большеДССУ: Газанын ар бир бешинчи жашоочусу тамак-аштын жетишсиздигинен жапа чегүүдө
Газада ачарчылык коркунучу өтө жогору бойдон калууда, анклавдын ар бир бешинчи жашоочусу тамак-аштын жетишсиздигинен жапа чегүүдө, деп билдирди Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус. “Жаңжал уланып жатканда Газада ачарчылыктын жогорку коркунучу сакталып турат. Газанын ар бир бешинчи жашоочусу тамак-аштын жетишсиздигинен жапа чегүүдө. Тилкенин дээрлик бардык тургундары тамак-аш тартыштыгына туш болушууда”, – деди ал X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы согуштук аракеттерди токтотуу жана гуманитардык жардамга токтоосуз, тоскоолдуксуз жана туруктуу жеткирүүнү…
Прочитайте большеВнуково аэропортунда Тажикстандын 80 жаранын Орусияга киргизбей койду
Аларга үч айга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган. Москванын Внуково аэропортунда Тажикстандын 80 жараны Орусияга кирүүсүнө тыюу салынган. Бул тууралуу «Азия-Плюстун» абоненттери билдирди, алардын айрымдары дагы аэропортто болгон. Алардын бирөөсүнүн айтымында, тажиктер 24-июнда таңкы саат 6да Душанбеден Москванын Внуково аэропортуна учуп кетишкен. Бирок белгисиз себептерден улам аларга Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган. Булактын айтымында, эртеси, 25-июнда 40 адам Тажикстанга кайра жөнөтүлгөн, калган 40 адам дагы деле Внуково аэропортунда учуп кетүүнү күтүп жатышат. «Аэропорттун кызматкерлери…
Прочитайте большеГазада Израилдин чабуулдарынан каза болгон палестиндердин саны 37 миңден ашты
Израилдин Газа тилкесине 7-октябрдан бери жасаган соккуларынан каза болгон палестиндердин саны 37 626га жеткенин Газанын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. “7-октябрдан бери Израилдин агрессиясынын курмандыктарынын саны 37 626га жетип, 86 098 адам жарадар болду”, – деп айтылат анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө. Ошондой эле кыйраган имараттардын урандыларынын астында жана жол жээктеринде да сөөктөр бар экени, аларга тез жардам жана жарандык коргонуу топтору Израиль күчтөрүнүн тоскоолдуктарынан улам жете албай жатышканы кошумчаланат. Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы сутка ичинде…
Прочитайте большеРоссия ТИМи Түндүк Корея менен түзүлгөн келишимди эскертүү деп атады
Россия менен КЭДРдин ортосундагы келишим аймактын көйгөйлөрүн аскердик жол менен чечүүнү пландаган өлкөлөр үчүн эскертүү болуп саналат, келишим Түштүк Кореяга же үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталган эмес. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко РИА Новостиге берген маегинде билдирди. «Бул келишим жарым аралдын жана бүтүндөй аймактын көйгөйлөрүн аскерий жол менен чечүүнү күткөн же пландаштырып жаткан өлкөлөр үчүн кандайдыр бир эскертүү», – деди ал. Руденко Россия бул келишим Түштүк Кореяга да, үчүнчү өлкөлөргө да каршы багытталган…
Прочитайте большеИран Дагестандагы терактты иликтөөгө жардам бериши мүмкүн
Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко Иран бийлиги зарыл болсо Дагестандагы терактты иликтөөдө Россияга жардам берет деген ишенимин билдирди. Бул тууралуу Руденко РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди. “Эгерде ушундай муктаждык жаралса, Ирандагы досторубуз бизге керектүү жардамды көрсөтөт деп ишенем. Ал эми терроризмге каршы чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүлөрүбүз атайын кызматтар аркылуу да, Коопсуздук Кеңеши аркылуу да ийгиликтүү өнүгүп жатат”, – деди ал. 23-июнь күнү кечинде белгисиз куралчан адамдар Дагестандын эки шаарына кол салышкан. Махачкалада православ…
Прочитайте большеWikiLeaks Жулиан Ассанждын бошотулганын жарыялады
WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Лондондогу абактан бошотулду. Бул тууралуу WikiLeaks 25-июнда X баракчасында билдирди, деп жазат Tengrinews.kz. “Жулиан Ассанж эркиндикте. Ал 24-июнь күнү эртең менен Белмарштагы күчөтүлгөн режимдеги түрмөдөн чыкты. Ал түрмөдө Ассанж 1901 күн болгон. Лондондун Жогорку соту түштөн кийин аны күрөөгө бошотуу чечимин чыгарган. Ал Стэнстед аэропортунда учакка отуруп, Улуу Британиядан учуп кеткен. », – деп айтылат маалыматта. WikiLeaks Ассанж өзү туулган Австралияга кайтып жатканын белгиледи. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Ассанж америкалык…
Прочитайте большеБыйылкы ажылык сапарында 1,3 миңден ашуун зыяратчы каза болду
Быйыл Сауд Аравиядагы мусулмандардын ыйык жерлерине ажылык сапары учурунда 1300дөн ашуун зыяратчы каза болду. Бул тууралуу Падышалыктын Саламаттыкты сактоо министри Фахд аль-Жалажиль жекшемби күнү кечинде саудялык “Аль-Ихбария” телеканалында билдирди. «Ажылык учурунда 1301 зыяратчы табигый себептерден каза болду, алардын 83%дан ашыгы каттоодон өткөн эмес», – деди ал. Анын айтымында, өздүгү такталган маркум зыяратчылардын сөөгү Меккеде коюлган. Учурда Сауд Аравиянын бийликтери “маркумдарды аныктоо жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн керектүү процедураларды” ишке ашырууда. Ал белгилегендей, каза болгон…
Прочитайте больше