Россиянын президенти Владимир Путин Кремлде Сириянын лидери Башар Асад менен жолугушту. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында маалымдалды. Сүйлөшүүлөр кечээ, 24-июлда кечинде болгон. Асад акыркы жолу Москвага бир жыл мурун – 2023-жылдын март айында келип кеткен. Видеоплеер 00:00 01:53 “Албетте, жалпы региондо кырдаал кандай өнүгүп жаткандыгы тууралуу сиздин пикириңиз мени абдан кызыктырат. Тилекке каршы, анын курчуп кетүү тенденциясы бар, аны көрүп жатабыз. Бул түздөн-түз Сирияга да тиешелүү”, – деди Путин. Ал ошондой эле Россия менен Сириянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерде келечектүү багыттар бар экенин,…
Прочитайте большеMonth: July 2024
Байден америкалыктарды Харристи колдоого чакырды
Америка лидери Жо Байден өз мекендештерин президенттик шайлоодо АКШнын вице-президенти Камала Харристи колдоого чакырды. “Бир нече айдан кийин америкалыктар Американын келечегинин жолун тандашы керек. Мен өзүмдүн тандоомду жасап, өз көз карашымды айттым. Мен биздин вице-президент Камала Харриске ыраазычылык билдиргим келет”, – деп билдирди Байден шайлоо жарышынан чыгуу чечимине арналган элге атайын кайрылуусунда. Байден ошондой эле Харрис президенттик шайлоодо Демократиялык партиядан татыктуу талапкер болот деп ишендирди. Ал аны “тажрыйбалуу, күчтүү жана жөндөмдүү” саясатчы деп атаган. Жо…
Прочитайте большеМирзиёев 67 жашта. Борбор Азия лидерлери өзбек президентин туулган күнү менен куттукташты
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 24-июлда 67 жашка толду. Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Мирзиёевди туулган күнү менен жылуу куттуктап жатышканын өзбек президентинин маалымат кызматы кабарлады. Кыргызстан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, көөнөрбөс энергия жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады. Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулашты. Бул контекстте тараптар Садыр…
Прочитайте большеИран президентинин инаугурациясына 60 өлкөнүн өкүлдөрү катышат
Ирандын шайланган президенти Масуд Пезешкяндын инаугурация аземине кеминде 60 өлкө өз делегацияларынын катыша тургандыгын тастыкташты. Бул тууралуу Иран Межлисинин (парламентинин) президиумунун мүчөсү Можтаба Юсуфи билдирди. “Азыркы тапта 60 өлкө президенттин инаугурация аземине катышарын жарыялап, өз делегацияларынын катышуусун ырасташты”, – деди Юсифи. Анын айтымында, 60 өлкөнүн делегациялары ар кандай деңгээлдеги өкүлдөр болот. Анын ичинде 4 президент, 12 парламенттин башчысы жана 7 премьер-министр болот. 10-июлда Юсуфи Пезешкиандын ант берүү аземи (инаугурация) 30-июлда Межлистин имаратында Ирандын жогорку лидери…
Прочитайте большеЭлектрондук капчыктан акча уурдаган шылуундар. Видео
Кыргызстанда заманбап технологияларды колдонуу менен алдамчылык фактылары көбөйүүдө.Мында алар акыркы технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти (үндү бурмалоо), ошондой эле психологиялык таасир этүү сыяктуу өзгөчө ыкмаларды колдонуп жатышканын Улуттук банктын өкүлү билдирди. Шылуундар социалдык тармактардын мессенжерлерин, жарнама жайгаштырган сайттарды, жаңы телефон номурларын колдонушууда. Өзгөчо видео трансляция аркылуу жарандардын жеке маалыматтарын уурдап алуулар күч алган. Жалпысынан Кыргызстанда телефон шылуундары жарандарга дээрлик 49 млн сомдук зыян келтиргенин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын БШИИБнын IT технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштар…
Прочитайте большеРоссия менен Иран тарыхый документке кол коюшат
Россия менен Иран ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимин даярдоону аякташты, тарыхый кол коюу жакында болот. Бул тууралуу Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко ТАСС агенттигине берген маегинде билдирди. “21-июнда Москвада болуп өткөн эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин юридикалык жана аймактык бөлүмдөрүнүн эксперттеринин абдан жемиштүү консультацияларынын жүрүшүндө анын текстин жыйынтыктоого мүмкүн болду. Алардын жыйынтыгы боюнча жогорку деңгээлдеги эң жакынкы эки тараптуу байланыштардын биринин алкагында макулдашууну кол коюуга даярдоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедураларды баштоо…
Прочитайте большеШКУнун атайын кызматтары Кытайда антитеррордук машыгуу өткөрүштү
Кытайда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин атайын кызматтарынын “Өз ара аракеттенүү – Антитеррор – 2024” биргелешкен машыгуулары маалымат-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен өттү. Бул тууралуу ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн (РАТС) басма сөз кызматы билдирди. “ШКУнун аймактык антитеррордук түзүм Кеңешинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы чечимине ылайык, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдары “Өз ара аракеттенүү – Антитеррор-2024″ биргелешкен антитеррордук машыгуулар даярдалып, өткөрүлдү”, – деп айтылат маалыматта. Маалыматта белгиленгендей, машыгуулардын жүрүшүндө кибертерроризмге каршы күрөшүү жана…
Прочитайте больше2040-жылы Жерде бир миллиардга жакын адам сымал робот пайда болушу мүмкүн
Tesla компаниясынын башкы директору Илон Маск адам сымал роботтордун массалык өндүрүшү 2026-жылы башталарын айтты. Бул туурасында анын Х социалдык тармактагы баракчасында айтылат. Өз кайрылуусунда ал келерки жылы роботтордун чакан партиясы ички колдонуу үчүн чыгарылып, бир жылдан кийин массалык өндүрүш башталарын билдирди. Масктын айтымында, техника жасалма интеллект, ошондой эле компаниянын унааларында колдонулган ар кандай датчиктер менен жабдылат. Адамдын бетинин ордуна монитор орнотулуп, анда пайдалуу маалыматтар чыгып турат. Масктын божомолуна ылайык, 2040-жылы Жер бетинде бир миллиардга жакын мындай роботтор…
Прочитайте большеКамала Харрис президенттик жарышта Байдендин ордун алмаштырууга даяр
АКШнын вице-президенти Камала Харрис Демократиялык партиядан расмий талапкер болууга жана 2024-жылдын ноябрында өтө турган шайлоодо Республикалык партиянын талапкери Дональд Трампты жеңүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Шайлоого катышуудан баш тарткан Жо Байден Харристи президенттикке талапкер катары көрсөтүүнү сунуштаган. Харрис өзүнүн талапкерлиги үчүн Байденге ыраазычылык билдирип, анын президенттик жарыштан баш тартуу чечимин “жан аябас жана патриоттук” деп атады. “Шайлоого чейин 107 күнүбүз бар. Бирге күрөшөбүз. Бирге жеңебиз”, – деди Харрис. АКШнын мурдагы президенти жана мамлекеттик катчысы – Клионтондордун…
Прочитайте большеГазада набыт болгондор 39 миңден ашты. Ал жердеги урандыларды тазалоого эле 10 жыл керектелери айтылды
Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 39 миңден ашканын Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. «Өткөн жылдын 7-октябрынан бери Израилдин агрессиясынын курмандыктарынын саны 39 006га жетип, 89 818 адам жарадар болду», – деп айтылат Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө. Министрликтин билдирүүсүндө ошондой эле Газада акыркы 24 саатта Израилдин кол салууларынан 23 киши каза болуп, 90дон ашууну жаракат алганы белгиленди. 17-июлда Палестинанын БУУдагы туруктуу байкоочусу Рияд Мансур Газа тилкесинде болуп жаткан окуялар тарыхтагы эң документтештирилген геноцид экенин…
Прочитайте большеБангладештеги башаламандыкта каза болгондордун саны 150дөн ашты
Бангладеште студенттердин мамлекеттик жумушка алууга киргизилген квота системасынына каршы нааразылык акциясынан кийин башталган башаламандыкта каза болгондордун саны 151ге жетип, 2,5 миңден ашык адам жарадар болду. Бул тууралуу Agence France-Presse полиция жана медициналык маалыматтарга таянуу менен билдирди. Буга чейин 105 адам каза болгону кабарланган. Укук коргоо күчтөрү менен демонстранттардын кагылыштарынын курмандыктарынын арасында полиция кызматкерлери да бар. Өлкөдө коменданттык саат киргизилип, ал 21-июлда кечинде эки саатка гана үзгүлтүккө учурады. Бангладештин Жогорку соту тарабынан жумушка орношуу квотасын жоюу…
Прочитайте большеИран Израилдин Йеменге жасаган соккусун айыптады
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канани Израилдин Йемендин Ходейда портуна жасаган аба соккусун айыптап, Израиль жана анын колдоочусу АКШ Газа тилкесиндеги кылмыштардын жана Йеменге кол салуулардын коркунучтуу жана күтүүсүз кесепеттери үчүн түздөн-түз жоопкерчиликтүү экенин айтты. Бул тууралуу Иран ТИМинин расмий сайтында айтылат. Ишемби күнү кечинде Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) анын аба күчтөрү Йемендин батышындагы Ходейда порт шаарына жакын жердеги “Ансар Аллахтын” (хуситтердин) объекттерине акыркы айларда Израилге жасалган жүздөгөн чабуулдарга жооп иретинде сокку урганын билдирген….
Прочитайте большеКытайда көпүрө кулап, 11 адам каза болду
Ишемби күнү эртең менен Кытайдын түндүк-батышындагы Шэньси провинциясында автожол көпүрөсүнүн бир бөлүгү урап, 11 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен «Казинформ» агенттиги билдирди. — Чжашуй уездиндеги Шанлуо шаарында жайгашкан көпүрө жума күнү кечки саат 20:40тар чамасында капыстан жааган жамгырдын жана селдин кесепетинен урап калганын жергиликтүү бийлик билдирди. Ишемби күнү эртең менен куткаруучулар дарыяга кулап кеткен беш унааны табышты. Учурда куткаруу иштери уланууда.
Прочитайте больше2024-жылы туристтер үчүн эң кооптуу 10 шаар аталды
Forbes Advisor рейтингине ылайык, Венесуэла, Пакистан жана Мьянма шаарлары 2024-жылы чет элдик саякатчылар үчүн эң кооптуу багыт катары таанылды. Изилдөөдө рейтингди түзүү үчүн кылмыштуулук, жеке коопсуздук, саламаттыкты сактоо, инфраструктура, табигый кырсыктар жана санариптик коопсуздук сыяктуу факторлор эске алынган. Туристтер үчүн жалпы коркунучун көрсөтүү үчүн шаарлар 100 шкала боюнча бааланган. Изилдөөгө ылайык, саякатчылар үчүн эң кооптуу шаар Венесуэланын борбору Каракас. Бул 100 коркунуч деңгээлин алган жалгыз шаар. Улуу Британиянын Тышкы иштер, Шериктештик жана Өнүктүрүү Бюросу (FCDO)…
Прочитайте большеСингапурда эки мунай ташыган танкер өрттөнүп кетти
Сингапурдун Педра Бранка аралынан 55 км түндүк-чыгышты карай эки мунай танкери күйүп жатканын Рейтер агенттиги билдирди. Hafnia Nile кемесинин ээси ал Ceres I менен кагылышканын айтты. Hafnia Nile кемесинин бардык 22 жана Ceres I кемесинин 40 экипаж мүчөсү куткарылды, деп билдирди Сингапурдун порттор жана деңиз иштери боюнча башкармалыгы. Сингапур деңиз флоту тараткан сүрөттөрдө бир танкерден коюу кара түтүн чыгып, экипаж куткарылып, тик учак менен ооруканага жеткирилген. Коңшу Малайзиянын айлана-чөйрөнү коргоо органдары аларга мунай төгүлгөн учурда…
Прочитайте больше