Ким Чен Ын Түндүк Корея баллистикалык ракета учурганын ырастады

Ким Чен Ын Түндүк Корея баллистикалык ракета учурганын ырастады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын КЭДР тарабынан континенттер аралык баллистикалык ракета учурулганын ырастап, бул анын душмандарына каршы турууга чечкиндүүлүгүн көрсөтөт деп билдирди. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Yonhap агенттиги Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттарына таянуу менен кабарлады. Агенттиктин маалыматына караганда, Ким Чен Ын континенттер аралык баллистикалык ракетанын учурулушу аны аймактагы кырдаалды курчутуп жатат деп айыптаган душмандарга каршы турууга чечкиндүүлүктү көрсөтөт деп айтты. Ал ошондой эле КЭДРдин өлкөнүн өзөктүк потенциалын чыңдоо саясатын “эч нерсе өзгөртө албайт”…

Прочитайте больше

“Хезболланын” жаңы баш катчысы Израилди жеңүүгө убада берди

“Хезболланын” жаңы баш катчысы Израилди жеңүүгө убада берди

Ливандык “Хезболла” кыймылынын жаңы баш катчысы Наим Касем уюмдун тарапташтарына бардык курмандыктарга карабастан Израилди жеңүүгө убада берди. Бул тууралуу ал баш катчы кызматына шайлангандан кийин биринчи жасаган сөзүндө билдиргенин Al Mayadeen телеканалы көрсөттү. “Бизди алдыда көптөгөн курмандыктар күтүп жатат, бирок биз жеңиш биздин союздашыбыз болоруна ишенебиз”, – деп баса белгиледи Касем. Жаңы баш катчы ошондой эле уюмдун каза болгон лидери Хасан Насрулланын багытын улантууга убада берди. Ал анын иш программасы Хасан Насрулланын бардык тармактарда – саясат, жихад,…

Прочитайте больше

“Талибан” атайын уруксаты жок курал сактоого тыюу салууну киргизди

“Талибан” атайын уруксаты жок курал сактоого тыюу салууну киргизди

Ооганстанда бийликти көзөмөлдөгөн  талип кыймылы түзгөн Ички иштер министрлиги атайын уруксатсыз курал-жарактарды жана ок-дарыларды сактоого жана алып жүрүүгө тыюу салган жарлык чыгарды. ТАСС маалымдагандай, бул тууралуу департаменттин X (мурдагы Twitter) баракчасында жарыяланган билдирүүдө айтылат. Текстке ылайык, жарлык «Афганистан Ислам Эмирлигинин бардык чиновниктерине, моджахеддерине, кызматкерлерине жана катардагы жарандарына ( “Талибан” колдонгон мамлекеттин аталышы – ТАССтын нотасы) тиешелүү болот. Ички иштер министрлигинен атайын лицензия алган адамдар үчүн өзгөчөлүк болот.

Прочитайте больше

Ирандык генерал: “Хезболланын” жаңы лидеринин дайындалышы Израиль режиминин кыйроосун тездетет

Ирандык генерал: “Хезболланын” жаңы лидеринин дайындалышы Израиль режиминин кыйроосун тездетет

Ирандын Башкы штабынын башчысы генерал-майор Мохаммад Багери Наим Касем шейхти ливандык “Хезболла” кыймылынын башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, анын бул кызматка келиши Израиль режиминин кыйроо процесин тездетерин билдирди. Ал “Хезболла” кыймылынын жаңы баш катчысынын дайындалышы Ливандагы каршылык көрсөтүү фронтунун жана “Хезболланын” кризистерди жеңүүдөгү беделинин, даярдыгынын жана өсүп бара жаткан дараметинин бир көрүнүшү экенин белгиледи. Эске салсак, ливандык “Хезболла” кыймылынын башкы башкаруу органы болгон Шура кеңеши кыймылдын жаңы баш катчысы кылып шейх Наим Касемди шайлаган. Буга чейин Касем…

Прочитайте больше

Ирандын ТИМ башчысы: Иранда бир дагы террорчу жазасыз калбайт

Ирандын ТИМ башчысы: Иранда бир дагы террорчу жазасыз калбайт

Иранда бир дагы террорчу жазасыз калбайт, ал тургай Германия тарабынан колдоого алынса дагы. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи Ирандын жана Германиянын жарандыгы бар теги ирандык Жамшид Шармахддын мечитте теракт уюштурганы үчүн өлүм жазасына тартылышына жана ага Батыш өлкөлөрүнүн, анын ичинде Германиянын нааразычылык билдиришине комментарий берип жатып билдирди. Буга чейин Германиянын Тышкы иштер министрлиги Иран жана Германиянын жарандыгы бар Жамшид Шармахдын өлүм жазасына тартылышына нааразылык иретинде Ирандын убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакырып, ошондой эле Германиянын тышкы…

Прочитайте больше

Австрияда шаардын мэрин атып кетишти

Австрияда шаардын мэрин атып кетишти

Австриянын Германия менен чектеш Кирхберг об-дер-Донау шаарында куралчан адам изделүүдө. Bild басылмасынын маалыматына караганда, мергенчи шаардын мэри Франц Хоферди, андан соң аңчылык менен байланышы бар дагы бир адамды атып өлтүргөн. Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча, бул ишке шектүү катары ушул шаардын 56 жаштагы тургуну Роланд Дрекслер эсептелет. Австриялык басылмалар киши өлтүрүүгө аңчылык укугуна байланыштуу чыр-чатактар ​​себеп болушу мүмкүн деп жазышууда. Кырдаалдын курчушуна байланыштуу полиция айрым жергиликтүү аткаминерлерди коргоого алды. Кирхбергдин жашоочулары өз кезегинде дүрбөлөңгө түшүп, үйлөрүн…

Прочитайте больше

“Хезболланын” жаңы лидери Наим Касем болду

“Хезболланын” жаңы лидери Наим Касем болду

Ливандык “Хезболла” кыймылынын жаңы лидери болуп Наим Касем шайланды. Кыймылдын билдирүүсүндө “Хезболланын” башкы башкаруу органы болгон Шура кеңеши кыймылдын жаңы баш катчысы кылып шейх Наим Касемди шайлаганы белгиленет. “Биз “Хезболланын” максаттарына жетүү үчүн биргелешип аракеттенүүгө жана жеңишке жеткенге чейин каршылыктын жалынын жаркыратып жана анын желегин көтөрүүгө убада беребиз”, – деп айтылат документте. Буга чейин Касем “Хезболланын” башкы катчысынын биринчи орун басары болуп иштеген. Ал кыймылдын көптөн берки лидери болгон Хасан Насрулланын ордуна келди. Насрулла 27-сентябрда…

Прочитайте больше

Израил БУУнун Жакынкы Чыгыш агенттигинин өз аймагында иштөөсүнө тыюу салды

Израил БУУнун Жакынкы Чыгыш агенттигинин өз аймагында иштөөсүнө тыюу салды

Израил парламенти (Кнессет) БУУнун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин (БАПОР) Израилдин аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салган эки мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы жазып чыкты. “UNRWA Израил мамлекетинин эгемендүү аймагында эч кандай миссияларды аткарбайт жана эч кандай кызмат көрсөтпөйт”, – деп айтылат биринчи мыйзам долбоорунда. Экинчи мыйзам долбоору БАПОРго берилген преференцияларды, анын ичинде салык жеңилдиктерин жана дипломатиялык статустарды алып салат жана бийликтерден агенттик менен болгон иш мамилелерин токтотууну талап кылат. Эки…

Прочитайте больше

Иран аскердик бюджетин үч эсеге көбөйтөт

Иран аскердик бюджетин үч эсеге көбөйтөт

Израилдин чабуулунан кийин Иран коргоо министрлигин каржылоону көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Reuters агенттиги Иран өкмөтүнө шилтеме берүү менен билдирди. Иран өкмөтүнүн спикери Фатема Мохажерани Израилдин Ислам Республикасынын аскерий инфраструктурасына жасаган чабуулуна жооп катары Тегеран аскердик министрликтин бюджетин былтыркыга салыштырмалуу 200% (б.а. үч эсе) көбөйтүүнү чечкенин жарыялады. Стокгольм тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) маалыматы боюнча, Ирандын аскердик бюджети 2024-жылы 16,4 миллиард долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 20% өскөн. Салыштыруу үчүн, ушул эле институттун маалыматы боюнча, 2021-жылы Ирандын аскердик…

Прочитайте больше

Ирадын ТИМ башчысы Израилди курал-жарак жана саясий жактан колдоону токтотууга чакырды

Ирадын ТИМ башчысы Израилди курал-жарак жана саясий жактан колдоону токтотууга чакырды

Ирадын Тышкы иштер министри (ТИМ) Аббас Аракчи Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Лэмми менен телефондон сүйлөшүүсүндө Израилди курал-жарак жана саясий жактан колдоону токтотууга чакырды. Тараптар сүйлөшүү учурунда аймактагы акыркы абалдарды талкуулашты. Аракчи Ирандын бир катар аскердик жана коргонуу борборлоруна каршы жасалган израилдик режимдин агрессивдүү аракеттерине карата Ирандын позициясын түшүндүрүп жатып, Ислам Республикасы өзүнүн аймактык бүтүндүгүн жана улуттук эгемендүүлүгүн эл аралык укуктун жана Бириккен Улуттар Уюмунун кабыл алынган принциптерине ылайык коргоо боюнча өзүнө таандык жана мыйзамдуу укугун ишке ашыруудан…

Прочитайте больше

“Хезболла”: Ливандын түштүгүндө 90 Израилдин аскери набыт болду

“Хезболла”: Ливандын түштүгүндө 90 Израилдин аскери набыт болду

“Хезболла”  Израилдин аскерлери менен ийгиликтүү беттешип, Ливандын түштүгүндө беш фронтто адам күчү жана техникасы жагынан аларга чоң жоготууларды алып келүүдө. Бул тууралуу ТАСС агенттигинин Telegram каналында жайгаштырылган түзүмдүн коммюникесинде айтылат. Анда 1-октябрдан бери кагылышуулардын жүрүшүндө каршылык көрсөтүү күчтөрү Израилдин 90дон ашык солдаты менен офицерин өлтүргөндүгү, дагы 750 адам жарадар болгондугу белгиленген. Мындан тышкары 38 Меркава танкы, 4 бульдозер, 4 бронетранспортер жана БТР башкарылуучу ракеталар менен атылып, 3 Hermez 450 жана 1 Hermez 900 учкучсуз учак…

Прочитайте больше

“Хезболла” Израилдин базаларына 80дей ракета атты

“Хезболла” Израилдин базаларына 80дей ракета атты

Ливандык “Хезболла” кыймылы Израилдин түндүгүндөгү оккупацияланган аймактардагы жети аскерий базасына 80ден ашык ракета жана снаряддарды атты. Израиль армиясы ишембиде “Хезболланын” операциялары учкучсуз учактар ​​менен ракеталык соккуларды камтыганын билдирди. Ливандык кыймылдын билдирүүсүнө караганда, ракеталык сокку Рас-ан-Накурага жакын жерде израилдик аскерлер топтолгон жерге жасалган. Мындан тышкары, “Хезболла” Сафадда жайгашкан Израилдин чалгындоо кызматынын түндүк округ боюнча башкы штабы болгон Мишар базасына бир катар ракеталарды учурушкан. Башка операцияда кыймылдын жоокерлери Хайфанын түндүгүндөгү Кирьят аймагын бутага алып, Израиль басып алган…

Прочитайте больше

Аббас Аракчи: Иран Израилдин агрессиясына жооп кайтаруу укугун өзүнө калтырат

Аббас Аракчи: Иран Израилдин агрессиясына жооп кайтаруу укугун өзүнө калтырат

Иран Ислам Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставында камтылган принциптерге жана эл аралык укукка ылайык, Израилдин кылмыштуу агрессиясына тиешелүү убакта мыйзамдуу жооп кайтаруу укугун өзүнө калтырат. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчинин Израилдин агрессивдүү чабуулуна байланыштуу БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Коопсуздук Кеңешинин октябрдагы төрагасы Паскаль Кристин Берисвилге жазган катында айтылат. Анда Аракчи израилдик режимдин Иранга каршы атайылап жана агрессивдүү аракеттерин айыптады. “Сионисттик режимдин тынымсыз жана системалуу кол салууларынын кесепеттерин эске алып, Иран Ислам…

Прочитайте больше

Агрессияга тиешелүү жооп кайтарылат. Ирандын жетекчилиги Израилдин чабуулуна комментарий берди

Агрессияга тиешелүү жооп кайтарылат. Ирандын жетекчилиги Израилдин чабуулуна комментарий берди

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи жана президенти Масуд Пезешкиан Израилдин чабуулуна комментарий беришти. Аятолла Али Хаменеи Израиль Иранга сокку урууда жаңылып калганын айтты. Бул туурасында ал шейит болгон коопсуздук күчтөрүнүн үй-бүлөлөрү менен жекшембиде болгон жолугушууда билдирди. Ал өз сөзүндө Израилдин Иранга жасаган соккусун ашыкча баалоого ошол эле учурда эч нерсе болгон жок деп көңүлгө албай коюуга да болбой турганын айтты. “Алар (Израиль – ред.) Иранга байланыштуу жаңылыш эсептөөлөрдү жасашты. Анткени алар Иранды жана Ирандын жаштарын жана…

Прочитайте больше

Орусия дүйнөдөгү эң күчтүү армиянын тизмесинде биринчи орунга чыкты

Орусия дүйнөдөгү эң күчтүү армиянын тизмесинде биринчи орунга чыкты

Дүйнөдөгү эң күчтүү отуз мамлекеттин армиясынын тизмесинде постсоветтик өлкөлөрдөн Украина, Өзбекстан жана Азербайжан бар. Кыргызстан бул катарга кирген эмес. Азербайжандын куралдуу күчтөрү дүйнөнүн эң күчтүү армияларынын рейтингине кирет. Бул тууралуу Caliber.Az америкалык U.S. басылмасынын маалыматына таянуу менен билдирди. News and World Report басылмасынын жазганына караганда, Азербайжан армиясы рейтингде 29-орунга чыкты. Рейтингге ылайык, Орусия Федерациясы дүйнөнүн эң күчтүү армияларынын тизмесинде 1-орунда, ал эми Украина 8-орунда. Рейтингде 2-орунда АКШ, 9 миллион калкы бар Израил 3-орунда, 1,4 миллиард…

Прочитайте больше
1 2 3 6